Бишкектеги №11-троллейбустун айдоочусу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандусту түшүрүүдөн баш тартып, сынга алынууда
Интернетке Бишкек шаарындагы троллейбустун айдоочусу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды унаага салуудан баш тарткандагы видеосу жарыяланды. Бул абалды видеого "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар - принт" долбоорунун өкүлдөрү тартып алган.
Видеодо №11-троллейбустун айдоочусуна пандустарды түшүрүп, арабада отурган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды салууну өтүнүшкөн. Троллейбуста пандустар бар болгону менен айдоочу бул сунуштан баш тартып, унааны айдап кеткен.
"Коомдук транспорттун айдоочуларынын мамилеси мына ушундай! Өздөрүнүн түздөн-түз милдетин да толук аткарышпайт!", - деп жазышкан долбоордун өкүлдөрү.
Видеонун авторлору айдоочудан "Менин убактым жок, шашып жатам. Биз күн тартиби менен иштейбиз", - деген жооптуу уккандарын кошумчалашкан.
Айдоочу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды салбай кетти


Ошентип тантып сүйлөгүчө салбайбы майыптарды тезиреек.
Ал жерге көп токтогонго болбойт.
Муну мен провакация деп эсептейм.Бир жакшына өз жумушун аткаргандарга атайын кычалануу деп айтам.