super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эстеп көрүңүзчү, сиз алгачкы жолу апаңызга эмне белек бердиңиз эле?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Апакеңизге алгачкы белегиңиз?" деген темада автор: "Ар бирибиз апабызга жакшы нерселерди алып бергибиз келет. Баласынын эң алгачкы белеги апалар үчүн чоң жетишкендик, сүйүнүч болуп саналат. Эстеп көрүңүзчү, сиз алгачкы жолу апаңызга эмне белек бердиңиз эле?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эң алгачкы белегимди апамдын туулган күнүндө 15 сомдой акчага жасагам. Ал кезде кичинекей бала болчумун. 15 сомго эч нерсе келбейт дешиңиздер мүмкүн, бирок келген. Кытайдын витаминдери, ичинде сагыз бар эле. Апам ошол белекти азыр дагы өмүрүндөгү эң баалуу белек деп эскерет".

"Апама мектепте окуп жүргөндө эле жайкысын өзүнүн колунда кафеде иштечүмүн. Кичинекей кезимде ачык кат (открытка) жасап, чоңоюп акча таап баштаганымда PRADA баштыгын бергем. Ал баштыгы азыр да бар".

"Мен 6-классымда апам 50 жашка чыккан. Сүрөтчү болуп чогулткан акчама шуру (жемчуг) алып бергем. Аябай сүйүнгөн эле".

"Эх, апакемдин туулган күнү май айында болгондуктан 3-классымда мектептен кыпкызыл болуп ачылган роза гүлдөрүн уурдап, досум экөөбүз 10 сомго ачык кат алып каалоо-тилек жазып бергем. Азыр да ошол белек сакталуу, болгону өпкөн помаданын издери билинер-билинбес болуп калган. Ал эми быйыл берген бриллиант шакегим жашоомдогу эң чоң белегим болду".

"Чынын айтсам, белек деп деле атабайм. Эмне алсам баарын апама деп турам".

"Алгачкы белегим эсимде жок, бирок биринчи ирет көрүнүктүү белегим күмүш сөйкө болгон. Окуу жайда курстук иш, реферат, дипломдук иш тапшырыкка жазчумун, ошол акчалардан чогултуп сонун сөйкө алгам. Абдан сүйүнгөн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.08.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балалык окуучулук кезде апамдын айтканы дале эсимде, балам сен кунуго 5 деген баа алып келсен ошол мен учун эн чон белек деп. Анан кунуго тырышып 5 алмай апама белек кылдым деп;) ошол апама кунуго алып келген белектерим.
13.08.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен апама эч кандай белек деле бербептирмин....турмуш шартыма байланыштуу озумон ашпайт наоборот апам мага каралашып турат.Бир аз озумо келип алсам апама арнап берчу белегим ото коп .Апам идиш аяк ,косметикаларга ото кызыгат.
13.08.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтын апаларыбыз аман болушсун,100 сомдук жоолук алып берсең дагы,дүйнөнүн баарын колуна сатып алып келип бергенсип,батасын берип,алкап,көзүнө жаш айлана сүйүнөт.Бар болуңуздар,алтын апалар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: