Алмаз Кожомкулов "ЖКнын Иш башкармалыгына караштуу батирлерди менчиктеп алган эмесмин" деди
Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкулов ЖКнын альтернативдүү профсоюзу тараткан маалымат жалган экенин, эч кандай батирди менчиктеп албаганын бүгүн, 22-май күнү маалымат жыйында билдирди. Айтымында, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына тиешелүү батирлерде депутаттар гана жашап жатышат. "Бул үйлөрдү менчиктеп алганга укугум да жок. Ал эми жаңы профсоюздун мүчөлөрү мени Ахматбек Келдибеков батирлерди менчиктеп алгандыгым учун жумуштан кетирди деген сөздөрү чындыкка жатпайт. Мен Жогорку Кеңеште 10 жылдан бери иштеп келе жатам. Эгерде мени Келдибеков кандайдыр бир беренеге таянып кызматтан кетирген болсо, анда мен кайрадан бул жумушка отурбайт элем",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

