super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Соттук укуктар боюнча Маматкеримов акча алган болсо да "алган эмес" деп каралышы керек"

 

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучу Текебаев маркум Маматкеримов соттук укуктар боюнча акча алган күндө да "алган эмес" деп каралышы керек экенин айтты.

"Мага "акча бердим" деп жаткандардын баары Талант Маматкеримовго тапшырышканын айтышууда. Соттук укуктар боюнча Маматкеримов каза болуп калгандыгына байланыштуу ага акча берилсе да, алган болсо да "алган эмес", "анын алганын эч ким көргөн жок" деп каралышы керек. "Мегакомдун" директору Азат Базаркулов да бул жерде берген көрсөтмөсүндө "Текебаев бир миллион доллар алганын Маматкеримовдон уктум" деп жатат. Бирок далилдей албай турганын баса белгиледи", - деди Текебаев.

Азыркы тапта саат 14:00гө чейин түшкү тыныгуу жарыяланды. Андан соң Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөзү уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.08.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олгон адамды да жон койбодуго булар ал байкуш жаткан жеринде да кыйналып аткандыр жаманбы жакшыбы олгон кишиге тийишбейле койсо болмок башка айла таппай калган экенда бийлик
14.08.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок менимче Маматкеримов кыйналып атса керек, кабырда. Бирөөдөн бир сом ашыкча алып койгон же бербей койгон болсоң да кабыр азабы катуу болот ошол адамга. Ошол үчүн өлгөн адамдын жакындары анын карызын мойнуна алуусу кажет же карыз берген адам ал акчадан отказ кылыш керек. Угушумча карызы бар кишинин аркы дүйнөдө сурагы болбойт, карызынан кутулмайынча. Ошондуктан карыз алып бербей койгон адамдарыңар болсо, ал карызды кечип койгонуңар ал үчүн дурус, силер үчүн сооп болот.
14.08.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Текебаевди эми дадилдей албайт, бул кылмыш кылаардан мурда баарын ойлонуштурганда, эми акыркы аргументи "Мен оз колум менен албадым" -деп коймок алган кундода. Бийлик булардын кылганын билет бирок дадилдей албайт. Мына Текебаевдин жузу. Бул киши козуно корсотуп туруп айткан нерселерди бул ушак, пиар деп басып кетет, ким Текебаевди колдосо колоп отурабергиле.
14.08.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевдин туура эмес кылып жатканын мойнуңа ала баштапсың, молодес!
14.08.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Теке акча албасан да кесилесин баардыгы тушунуктуу болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: