УКМК өлкө аймагында теракт уюштуруу аракеттери күчөгөндүгүнө байланыштуу коомчулукту сак болууга чакырат
УКМКнын бүгүн, 14-августта тараткан маалыматына караганда, өлкө аймагында теракт уюштуруу аракеттеринин күчөгөндүгү айтылат. Мындан улам УКМК коомчулукту сак болууга чакырып, атайын кызматтар менен укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө чакырат.
"Эгерде кандайдыр бир шектүү адамдарды жана фактыларды байкаган болсоңуз, токтоосуз түрдө УКМК, ИИМдин нөөмөт кызматтарына же болбосо ички иштер органдарынын жакынкы бөлүмдөрүнө билдириңиз", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Ошондой эле УКМКнын маалыматына караганда, террордук коркунучту уюштуруучулардын координациялык борбору "Жамаат таухидва жихад" эл аралык террористтик уюму. Бул уюмдун башында 2016-жылы 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууну уюштурган деп шектелип, эл аралык издөөгө алынган Сирожиддин Мухтаров, ошондой эле издөөдөгү Бурханидин Жантораев, Ильяс Сабиров жана башка адамдар турат. Учурда алар Сирия жана Түркиянын аймагында жашырынып жүрүшөт.

Бирок эл азр саясатка салыштырып калган ,коп алдайсынар,ишенбейтго..булда саясий оюн деп кабыл алышпаса болду...)
Эл силерсиз деле окатын кылып жатат бизне бийликтин деле керег жок Калайык карапайым калып учун чындыгында .
Он кыргызбайды ит аткандай жок кылып салды
силерге эмне кааларымды жазбай эле койоюн. адресими издеп журбогуло
Эми элге кайрылып жардам сурап калдыбы??
Ишенбейм эч кандай Терракт болбойт!!
Кудай сактасын!!!