super.kg logo

Түркиянын Билим берүү министринин орун басары: "Кыргыздагы "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары өлкөнүн аймагына киргизилбеши мүмкүн"

 

Өлкөбүздөгү "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары Түркиянын аймагына киргизилбеши мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем 11-августта түркиялык ТIKA агенттигинин жыйынында билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, орун басар аталган билим берүү мекемесин Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп, жыйынга катышкан Кыргыз академиктерине кайрылуу жасаган:

"Туугандарыңарга, досторуңарга жана тааныштарыңарга айткыла, алар бул террористтик мектептерге барышпасын. Алар Түркияга келишсе, визалары жокко чыгарылуу ыктымалдыгы жогору. Түркияда ал мектепте окугандардын туугандары да кубаныч менен кабыл алынышпайт".

"Сапат" билим берүү мекемесинин басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов SUPER.KG порталына бүгүн, 14-августта окуу жайларда жалпысынан 12 миңдей окуучу окуурун, 1500дей мугалим эмгектенерин билдирди.

"Биздин бул тууралуу кабарыбыз жок. "Сапаттын" окуучулары жашы жете элек, алар көп деле Түркияга барышпайт. Окууну бүтүп кеткендердин биздин окуу жайга тиешеси жок болуп калат. Ал эми окуучулардын туугандарын Түркияга киргизбей коюу туура эмес. Бул популисттик жана саясий кадам болуп калат. Бирок биздин окуучулар буга чейин ал өлкөгө сынактарга тоскоолдуксуз эле барып келишкен", - дейт катчы.

Ал эми Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен бул тууралуу комментарий бере алышпай турганын билдиришти.

Стамбулдун прокуратурасы Эл аралык "Ататүрк Ала-Тоо" университетин террордук идеяларды таратуучу уюмдардын катарына кошкон, андан соң университеттин аталышы "Ала-Тоо" деп өзгөртүлгөн. Президент Алмазбек Атамбаев бул окуу жайлар Кыргыз өлкөсүнүн ичинде жана стандарттарга ылайык иштеп жатканын айткан. Кошумчалай кетсек, "Себат" билим берүү мекемесинин да аты "Сапат" деп өзгөртүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
14.08.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ала Тоодо билим эн кучтуу жана сынактарда эч кандай коррупция жок. Ошол жерде окугам жана террордук эч кандай иш аракеттер жок. Бир гана таза так билим алып чыгууга болот.
14.08.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атын озгортуп койсо эле Кыргызстандыкы боло койбойт да. Аты озгоргону мн система озгорбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: