super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Баламдан ажыраганды каалабайм..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баламдан ажыраганды каалабайм" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Эл катары окуумду бүтүп, мектепте сабак берип иштеп калдым. Турмушка чыктым. Кош бойлуу экенимди билип жолдошум экөөбүз аябай кубандык. Кайын журтум жакшы кишилер. Балалуу боло элек бир кайнежем бар. Күйөөсү аны сүйгөндүктөн ушунча жылдан бери балалуу болбосо да жашашат экен. Негедир боюмда болгондон тартып баламды алып коё тургансып ичим "болк" деп калар эле. Балам төрөлүп, баарыбыз сүйүндүк. Азыр там-туң басып калган. Арада кайнежем кыйытып баланы сурап калчу болду. Жакында туугандардын көзүнчө сураганынан бербейм дештен тартынып "кийинкисин берем" деп койдум. Ошондон кийин сурабай калды. Эми отурсам, турсам кыйналып кетип жатам. Туура, кийинки балабыз качан төрөлөт, Кудай билет. Ошентсе да төрөлгөндөн кийин алып кетерин элестетсем жүрөгүм токтоп, суурулуп кетчүдөй сезиле берет. Эмне кылсам экен? Канткенде бербей коё алам? Эмне десем болот? Балдарымды өзүмдө калтыруунун жолу барбы? Кеңеш бериңиздерчи, жардамыңыздарга муктажмын".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кайнежеңдин көңүлү үчүн балаңды бербе. Кийин өзүң да, балаң да, кайын эжең да кыйналат. Берип жаман көрүнгүчө, бербей жаман көрүн. Кайнежең намыстангандан өзү төрөп алат".

"Анын эмнесине кысыласыңар. "Убагында берем деп жубатып койгонмун, кантип бере алат элем? Капа болбоңуз, бере албайм" деп кой. Көңүлү болсо башка баланы алып, мээрим төгүп багып кете алса, Кудай өзү да берер беле. Ичиңден чыккан ийри жыланды кимге бере аласың? Биринчи эле балаңды сураган акылсыз, акмак неме го деп да ой кетти. "Бир бала төрөдүм, дагы көп төрөп алам да" деп да ойлобогула. Алла бир, өзү билет экинчисин качан берет. Ошондуктан силердин айтканыңар да туура эмес деп ойлойм".

"Алардын көңүлүн ооруткуң келбесе берип койсоң болот, баары бир сенин көз алдыңда чоңоёт. Мындайлар көп эле, такыр аргасы жок болсо соопко деле каласың. Балким, сүйүнгөнүнөн кош бойлуу болуп калар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.08.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Берип деле койсон болот.Баланы багып алса эле аныкы болуп калбайт. Адам тагдыры ушундай ар турлуу болот экен.Балдары калып апасы отуп кеткендер бар чонойуп эле атышат. Андан коро кайнежени суйундуруп кой.Аллах берет баланы может сага коп бала берип кайнежен экоон багып калаттырсынар.Куйоолорунор тамак аш жеткизе албай иштеп калаттыр кун тун!Бирок биринчи баланды бербе
14.08.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayida,сен берип кой!!!кантип ушуну айтып атасын берип кой деп акмак!!!озундун канындан жаралган баланды кантип бересин хоть тууганын болсо да!!!ар кимдин озундун ырыскысы болот!!ар Ким озунордун баланарды озунордун баккыла сураныч!!!!
14.08.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кошулам сага ар бир аялзаты оз жатынынан чыккан баланы озу баксын мээрим тогуп
14.08.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рой аябай оор темаго менда келин болуп келип бойумда болуп эгиз тородум ошол кезде абысыным 40жашта болчу 2кыз 1уулу бар эле балдарым 2жарым айында шаардан айылга бардым балдар мн жудоп жалгыз жолдошум жумушунан бошобой шаарда калды жудогонуму коргон абысыным ойлогонго бирин бер десем берет деп бассам турсам бирин беер биз жалгыз уулубузга шерик кылып багып алалы сен жашсын дагы тороп аласын деп оой ошондогу абалымды азырда эсимде тун кун уктабай ооруп шаарга качкам болбой сурай берди атасы берб
momun74 түзөттү 2017-08-14 21:31:40
15.08.2017. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бере алмак эмесмин! Менин да кайынэжемдин 3 эркек баласы бар мен кызымды торогондо тамаша чын кылып мага бергиле деген.Ошондо журогумдун тушконун айт! Тагдырдын тамашасыбы кызым да анын копиясы. Сиз да кайынэжениздин конулуно карабай "бере албайм эже таарынбаныз" деп эле койунуз. Баланызды коргон сайын кыйналасыз.Жолдошунуз эмне дейт? Ал да кыйналып жатса керек же биртууганын кыя албай же баласын кыйбай.
engel түзөттү 2017-08-15 06:55:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: