super.kg logo

Бишкектин райондор аралык соту БШКнын Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштырбоо чечимин күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 14-августта Бишкектин райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштырбоо чечимин күчүндө калтырды.

Текебаевдин жактоочулары БШКнын буга чейин Текебаевди тил сынагына катыштырбоо чечимин канааттандырбоо үчүн сотко кайрылган эле.

Айта кетсек, 10-августта БШКнын отурумунда Текебаевди тил сынагына катыштырбоо чечими кабыл алынган. 8-августта Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

"Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
14.08.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына сага бийлик!!! Айтып келемин, бул бийликтен адилеттуулук, таза шайлоо кутпогуло деп!!! Качан гана бугун бийликте отургандарды кочукко тээп айдап чыкканда гана таза шайлоо уюштурса болот....
15.08.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчак эле чечилип калган шайлоо менен элди убара кылып, милл- гон акча коротуп не кылышат экен эх бийлик бийлик!
15.08.2017. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилди онуктургонубуз жакшы, бирок кече Казакстанда премьер министрлердин ЕАЭБнын алкагында откон отурумда Жээнбеков жарым барак кагазды орусча ката кылып аран окуду , оз оюн билдирмек тургай.
aiman1983 түзөттү 2017-08-15 09:24:17
15.08.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiman1983,айтайын дегеним кыргыз тилибизди суйуубуз керек, ошону менен бирге англис, орус тилин таза билген грамотный, ар нерсени орунсуз айта бербеген ажо келсе, умут очпойт экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: