super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Текебаевге белек бергем жана сотто берген көрсөтмөмдөн баш тартпайм"

 

"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев интернетке тараган аудиожазууну Өмүрбек Текебаевдин ишин туура эмес жакка бургусу келгендердин иши экенин SUPER.KG порталына бүгүн, 14-августта билдирди.

"Биринчиден, адамдын артынан сая түшүп, ошентип жаздырганы адепсиз жана мыйзамсыз. Бул Өмүрбек Текебаевдин ишин туура эмес жакка бургусу келген кызыкдар тараптын иши. Экинчиден, Текебаевдин сотунда берген көрсөтмөмдү толук колдойм. Анда "21-22-23-декабрь күндөрү Текебаев менен кантип жолугуштуң?" деген суроого гана жооп бергем. Сотто берген жообумду бурмалаган жокмун. Ал эми Азимбек Бекназаров экөөбүздүн сөзүбүздү кырккылап, кошкулап, айтор кандай жасагандарын билбейм. Жасап туруп, терс жагынан көрсөтөбүз дегендердин ою оңунан чыкпайт. Азимбек Бекназаров экөөбүз көп жолу жолугушуп, ар кыл темада сүйлөшөбүз. Аны кайсы жерде, кантип жасашкандарын билбейм", - деди Ташиев.

Ошондой эле ал Текебаевдин туулган күнүндө белек бергенин кошумчалады.

"Текебаев айтып жатат "Чоң бөтөлкө алып келдиң" деп. Мен ачык айтайын, ал менин эсимде жок экен. Бирок ага 23-декабрда белек бергем. Белек бериш жөнөкөй эле нерсе да, баарын эстеп жүрүш кыйын. Ал белек Текебаев үчүн баалуу болуп сактап койсо, ал айткан нерсе туура болушу мүмкүн", - деди.

Айта кетсек, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөр тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Анда Ташиевдин үнүнө окшош адамдын "Мага кат жазып жибериптир. "Камчы үка, 22синде билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби?" дейт, "келип мени куттуктап, бир вино берген элең 23дө" деп. Эсимде жок, ай, вино бергенимди, куттуктаганымды, мен никогда аны куттуктаган эмесмин туулган күнү менен" деп айтканын угууга болот.

Текебаев болсо бүгүнкү сотто "Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудиожазуу боюнча комментарий берип, ал аудио монтаж болушу мүмкүн экенин айтты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
15.08.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Камчыбек аке молодец азыр техника онукон каалагандай жаздырса болот.
15.08.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Suzak12,Атамбаевдин малчысынар деген созун кыскартып малсынар деп койсо ишенип атпадынар беле,ошо жерде турган Нарындыктар кантип жон калсын ошо созду угуп,монтаж десе да ишенбегендер монтаж деп чебелектеп жатышкандарын кара...
15.08.2017. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен ойлоп калдым бийликтеги эски саясатчыларды баарын кетирбесе биз онукбойт окшойбуз.Жанар Акаевдей жаш кадрларды алып келиш керек окшойт.
kychan.98 түзөттү 2017-08-15 03:35:00
15.08.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kychan.98,кантип кетиребиз? Оздору билип кетип калса бир жон
15.08.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Камчыке чыныгы патриот жана эл журтка куйуп бышкан инсан азаматсыз биз сизди колдойбуз. Бирок ар шайлоого жакын калганда парпандап кээ бир иштерди ойлонбой жасап, же кээ бир создорду ойлонбой суйлоп алганыныз озунузго муш болуп тийе берет. Билбесенер билип жургуло Торт илтиктин аркасына бийликтин майда чычкандары (крысылары) ар бириндин арканарга тушуп ажат кананарга чейин кузотуп жатат. Жада калса ажат канада кантип бошонуп жатканынарга чейин андып жургонун унутпагыла. Ото ото абайлагыла.
15.08.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Вино емес виски корсотту го текенин аялы. Таши не помню десе теке вино Берген дейт. Аялы болсо кайдагы вискини корслтуп жатаат.
15.08.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарын таза иштегенди билбейсинер биздин бийлике башка муун келиш керек. Жанар Акаевдей адам болсо
15.08.2017. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мантаждаган киши белек тууралуу кайдан билмек эле,бул оюндү өздөрү эле ойлоп чыккан окшойт,пайдасыТекебаевге көбүрөөк керек.
15.08.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин бийлик ашмалтай болуп буткон. Учурдагы чиновниктердин баарын жоготуп жаны жаш чиновниктердин мууну керек.Олконун онугушунун бирден бир жолу.
15.08.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул окуя Айчурок менен Анжеликанын ушагынан да отуп кетиптир, монтаждалганбы, монтаждалбаганбы эркектерден, Эл башкарган улуу инсандардан мындай катын ушакты кутпогонбуз. Уят эле Кыргызстандын келечегин силерге карматып коюп отурган биз жаман окшойбуз озу
15.08.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теке секесин кошо жоготуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: