ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: "Группа крови", "Кукушка" ырларынын аткаруучусу Виктор Цой 27 жыл мурун каза болгону менен, ырлары бүгүн да ырдалып келет
Виктор Цойдун ысымын уккан ар бир музыка сүйүүчүсү көңүл кош калбаса керек. Таланттуу музыкант, автор, "Кино" тобунун солисти 1990-жылдын 15-августунда кырсыкка кабылбаса, дагы да канчалаган хит ырларды жаратмак? Бул суроо анын бардык угармандарын кайгыга салса керек. Виктор Цой бул дүйнө менен коштошконуна 27 жыл болсо да, ырлары популярдуулугун жоготпой, атүгүл анын өлүмүнөн кийин да төрөлгөн угармандары бар.

Виктор Цой 1962-жылы 21-июнда Ленинград (азыркы Санкт-Петербургда) шаарында туулган. Атасы казак жараны, корей улутундагы, инженер Роберт Цой анын музыкага болгон кызыгуусун арттырып 5-класс кезинде гитара сатып берип, анда кол ойнотууну үйрөткөн. Апасы дене тарбия мугалими Валентина Цой жалгыз уулу тууралуу төмөнкүлөрдү айткан:
"Виктордун ысымын атасы койгон. Мен Дима деп атайын дегем, бирок айла жок макул болгом. Виктор "жеңиш" дегенди билдирет эмеспи, бирок ал жеңүүчү болгон эмес, Витя жоош болуп, алдыга умтула берчү эмес. Ал 8-классында чылым чеге баштаган. Анысы үчүн урушчу эмесмин, себеби чылым чегүү эркектердин сүйлөшүү түрү, анын тандоосу болчу. Виктор алкоголдук ичимдиктерин да ичип көргөн, бирок көйгөйлөрү болгон эмес. Менин билишимче баңги да болгон эмес".
Анын сүрөт тартуу өнөрү бала бакчага барып жүргөн кезинде эле билинген. Апасы сүрөт тартууга керектүүнүн баарын сатып берип, бул өнөрүн өркүндөтүүгө шарт түзүп берген. Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок ал музыкага кызыгып, рок-группа түзгөнү окуу жайдын жетекчилигине жаккан эмес. Көп убак өтпөй, окуудан чыгарылган. 1979-жылы №61-кесиптик техникалык орто окуу жайынын жыгач устачылык тармагына тапшырган. Ал жыгачтан япон элинин салттуу нэцкэ фигураларын жасап досторуна, жакындарына белекке бергенди жакшы көрчү. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды” тобун түзгөн. Кийин тобунун аталышын “Киного” алмаштырган. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому, андан соң “Начальник Камчатки” альбому да жарык көргөн.

"Ал ырчылыктын аркасы менен чет өлкөлөргө чыгып келди. Кайрымдуулук концерттеринде ырдап жүргөн. Мен канча каражат алганы тууралуу сурасам, 2 сагыз, 1 сыра алганга жеткенин айтып койчу", - деген апасы.

Ал жабык табытта коюлганы күйөрмандарында көптөгөн суроолорду жаратып, мүрзөсүн ачууну талап кылышкан. Анын өлүмү күйөрмандарынын көпчүлүгүнө катуу тийип, айрымдары өзүн өзү өлтүрүүгө баргандары жазылып келет.
Музыкант 19-августта Ленинграддын Богословск көрүстөнүнө коюлган. Аны узатууга миңдеген адам келген. 19 жыл өткөн соң апасы Валентина Цой жүрөк оорусунан каза болгон. Ал эми биринчи жубайы Марианна Цой 2005-жылы рак оорусунан каза болгон. Ырчынын аркасында уулу Александр Цой калган. Ага атасынын жана "Кино" тобунун чыгармачылык мурасынын 50 пайызы таандык. Программист болуп иштегени менен, атасынын жолун жолдоп ыр жазып, рок музыкасына кызыгат.
Виктор Цой кырсыкка кабылып каза болгон күнү Москванын Арбат көчөсүндөгү дубалдардын бирине "Бүгүн Виктор Цой каза болду" деп кара түс менен жазып кетишкен. Ага кимдир бирөө "Цой тирүү" деп жооп калтырган. Атасы Роберт Цойдун айтымында: "Москвада мындай дубалдын бар болушу мен үчүн маанилүү. Витя каза болгондо, 5 жыл өткөн соң ал тууралуу унутушат дегем, бирок кылымдын төрттөн бир бөлүгү өттү, анын атактуулугу дагы да өчө элек. Анын мүрзөсүнө күйөрмандары чогулуп турушат, алардын көбү аны көрүшкөн эмес".
Виктор Цойдун жерге берилгени 19.08.1990
Виктор Цой - акыркы концертинде берилип ырдаган
Виктор Цой - Пачка сигарет
Виктор Цой-Звезда по имени Солнце
Виктор Цой-Когда твоя девушка больна
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















