super.kg logo

Ошто изделип жаткан адамдын өлүмүнө шектелип, эки жаран кармалды. Алардын бири аскер кызматкери

 

Маркум Алишер Тажибаев.Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 1992-жылы туулган Алишер Тажибаев ушул жылдын 5-августунда үйүнөн Лексус ИС 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип изделип жаткан. 11-август күнү анын жансыз денеси Ноокат районунун Ак-Терек айылындагы Кескен-Бел тилкесинен табылган.

"Маркумдун киши колдуу болуп өлгөнү аныкталып, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.Р. (Балыкчы шаарынын тургуну) жана 1996-жылы туулган К.Т. (Талас облусунун тургуну) кармалган. Шектүү А.Рнын айтымында, 29-июль күнү Ошко мурда аскерде чогуу кызмат өтөгөн досторуна жолугуу үчүн барып, акча керек болуп калган. Анан досу К.Т. менен унаа уурдап, аны сатуу менен акча табуу тууралуу келишип, 5-августта Анар кичи районуна барышкан. Ал жакта Алишер Тажибаевдин унаасына түшүп, Араван районуна жеткирип коюшун суранышкан. Жолдо айдоочуну муунтуп өлтүрүшүп, талаага таштап салышкан. Маркумдун унаасы менен Бишкекке келишип, унааны сатуу аракетин көрүшкөн. Бирок иш оңунан чыкпаган соң унааны "Дордой" базары жактагы бактардын арасына таштап кетишкен. 12-август күнү кайра Ошко келишкен", - деп билдирди Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн бири К.Т. Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. Ал эми шектүү А.Р. мурда ошол эле аскер бөлүктө кызмат өтөп кеткен.

"Кылмыштын бети 14-августта ачылып, шектүүлөр ошол эле күнү кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Бири Ошко кызмат ордуна кайтып келсе, экинчиси эмне себептен Ошко келгени белгисиз болууда", - деди Ашырбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.08.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бейкуноо жок жерден олуп кете берди.А берки эки ХХХХ омур боюга кесиш керек мыкаачылар бугун ушундай ищ кылышты эртенда кылышат колдорунан жакшылык келбейт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-15 15:03:18
15.08.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulum91, этика нормаларын сактаңыз.
22.08.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,ачык туура соз тууганына жакбайт!
Жогорудагы кыз туура жазган! Адам олтургон адамдын колунан жакшылык келбейт эч качан! Андай адамдар омур бойю этинен ажыраганга татыктуу!андай адамдар турмодо чирисин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: