super.kg logo

Сотто Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу жарыш сөзүн айтып, айыпталуучуну сот залынан бошотууну өтүндү

 

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө жактоочу Искен Афиджанов жарыш сөзүн сүйлөдү.

"Айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго кылмыш ишин козгоодо Жаза процессуалдык кодекси боюнча мыйзамдар бузулган. Тергөөдө жабырлануучу катарында көрсөтмө берген Маевскийдин айткандары соттун жүрүшүндө далилденген жок. Маевский "13-майда "Хаят" мейманканасында Текебаев менен жолугуп, андан ары "Супарага" барып 2 сааттай арак ичкенбиз" деп сотто айтып жатат. Тергөөдө болсо "Супарага барганда Текебаев ичимдиктен бир аз эле ооз тийди" деп эки ача сүйлөп жатат.

2010-жылдын 21-декабрында "Текебаев менен анын иш бөлмөсүнөн жолуккам" дейт. Бирок бул күнү Текебаев жумуш ордунда болбогондугун анын ошол маалдагы кесиптештери тастыктап берди. Ал эми күбө Алексей Модин тергөөчүлөр тарткан видеодогу көрсөтмөсүндө "акча алып киргем" деген кабинетте, ошол маалдары Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев отурганы тастыкталды.

Ошондой эле Маевский "Акча тууралуу Текебаевден жаздырып алган тил катты жашаган батиримди суу каптап жоготуп алгам" дейт. Бирок анын батирин суу каптагандыгы боюнча расмий кызматтардан аныктамалар жок. Ал эми "ВТБ-24" банкындагы өздүк эсебинен акчаларды кантип алып чыккандыгы да белгисиз. Иш боюнча айыпталуучу Текебаевдин күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу аны сот залынан боштондукка чыгарууну өтүнөм", - деди жактоочу Афиджанов.

Андан соң жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн улады. Бирок түшкү тыныгуу болуп калгандыктан, ал жарыш сөзүн саат 14:00дө улайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
15.08.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акталсын! Омурбек Чиркешович
15.08.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыбы жок экен. Бошоткулада создуктурбай, шылтоо деле калбады.
15.08.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Болду эми комедияңар бүттү соттор,күнөөсү жок эки адамды чыгаргыла жетишет эми.Шылтооңор деле калбады ар нерсенин башын кылтыйтып чыгара берип.
15.08.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
АКталсын!!!!!!!!!!!!!!
15.08.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары бир камалат) АША камайт все равно)
15.08.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча болуп калды эми камалат падыша барибир каматат шайлоодон кийин чыгарат бизде эч кандай закон кониститутция жок иштебейт
15.08.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Kamalsyn , kamalsyn , kamalsyn
15.08.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ашада воопще бет жок экен э
15.08.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгаргыла куносу жок майевскыйды кармагыла ал неге бош журот жетишет кундо еле чукуй бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: