super.kg logo

"Таза шайлоо” кыймылынын алкагында шайлоону айкын жана таза өткөрүү боюнча маселелер талкууланды

 

Бүгүн, 15-августта “Таза шайлоо” кыймылынын алкагында борбор калаада жыйын өттү. Анда шайлоону айкын жана таза өткөрүү боюнча маселелер талкууланды. Жыйынга президенттикке талапкерлер, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери, укук коргоочулар жана саясатчылар катышты.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров өз сөзүндө мындай жыйындар буга чейин да өтүп келген. Жыйындардагы талкууларга катышкан талапкерлер анда айтылган сөздөргө макул болгону менен, шайлоо башталгандан кийин эле унутушчу.

"Канча шайлоо өттү, ар бир шайлоонун алдында мындай жыйындар өткөрүлөт. Бирок шайлоо башталгандан кийин баарыбыз өз жолубуз менен кетип калабыз, мыйзамдуулукту сактаган эч ким жок. Шайлоодо мыйзамдуулукту сактайлы, шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйлү, мыйзам бузууларды аныктап, аларды алдын алалы. Мурдагы шайлоолордо талапкерлер өздөрүнүн атын тизмеден таппай калган учурлары, добуш сатып алуу аракеттери көп болгон. Келе жаткан шайлоодо ага жол бербөө керек", - дейт Адахан Мадумаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.08.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга Адахан Кимсанбаевич. Сиздин ар бир сөзүңүз маанилүү. Биз колдойбуз.
15.08.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адахан мырза,бул боршайкомго айткан кайран кеп.Эки козу бийлик эмне дейт деп аландап турат.Сиз айткан соз да иш да болбойт.Андан коро белди бекем бууп,таш койгонго таш,кыш койгонго кыш коюшунуз керек.Негизи убакыт кетирип ушундай концертерге катышпай эле коюнуз.Алдыдагы шайлоодо СДПКнын чансоргучтары дагы иштейт.Сизге ийгилик.
15.08.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балээни таза шайлоо болобу?!! Эгемендикке жетишкенден бери канча шайлоо, референдум отсо, бири да таза отпогон... Ал эми Батыш каржылаган "таза шайлоо" ж.б.НПОлор шайлоо откон сон "арзыбаган мыйзам бузууларды эске албаганда, шайлоо таза отту" деп бийликтин арыгын чабат ар качан....

Бул жолу да таза шайлоо отпойт!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: