super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулары КМШ оюндарында 21 медаль тагынышты

 

Орусиянын Ульяновск шаарында 10-16-август аралыгында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн спортчуларынын арасындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча Биринчи фестивалда Кыргыз спортчулары 21 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Кыргыз спортчулары самбо, таяк тартыш, ордо, жаа атуу жана гиря көтөрүү боюнча мелдештерге катышып 6 алтын, 7 күмүш жана 8 коло медаль жеңип алышты.

Медалга ээ болгон Кыргыз спортчулардын тизмеси:

Таяк тартыш боюнча:

1-орун: 90 килограммга чейинки салмак ченинде - Азат Таштанбеков;

1-орун: 125 килограммга чейинки салмак ченинде - Сергей Долгалев;

2-орун: 60 килограммга чейинки салмак ченинде - Нургазы Барманов;

2-орун: 70 килограммга чейинки салмак ченинде - Акыл Насыпбеков;

2-орун: 80 килограммга чейинки салмак ченинде - Сергей Зенов;

2-орун: 105 килограммга чейинки салмак ченинде - Келдибек Атайбек уулу;

Жалпы командалык эсепте 3-орун.

Гиря көтөрүү боюнча мелдеште:

Кыз-келиндер арасында:

1-орун: 68 килограммдан жогору салмак ченинде - Екатерина Старикова;

Эркектер арасында:

3-орун: 85 килограммга чейинки салмак ченинде - Токтосун Мурзаев;

3-орун: 95 килограммга чейинки салмак ченинде - Тариэл Бакиров;

3- орун: жеңишке умтулган үчүн медаль - Александр Сапожников.

Жаа атуу боюнча мелдеште:

Мээлеп атуу боюнча:

1-орун: Асель Садырова;

2-орун: Кубан Томотоев;

3-орун: Азамат Акунов;

Ылдамдыкка атуу боюнча:

1-орун: Асель Садырова;

1-орун: Кубан Томотоев;

Таамай атуу боюнча:

2-орун: Асель Садырова;

3-орун: Азамат Акунов;

Жалпы командалык эсепте 2-орун.

Самбо боюнча:

2-орун: 62 килограммга чейинки салмак ченинде - Доолот Садыркулов;

3-орун: 57 килограммга чейинки салмак ченинде - Даврон Маразыков;

3-орун: 68 килограммга чейинки салмак ченинде - Нурсултан Уланов;

3-орун: 74 килограммга чейинки салмак ченинде - Нурсултан Абдухаликов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: