super.kg logo

Ош мэриясы троллейбус айдагандар канча сом катып калып жатканын текшерүүгө алышты

 

10-августта Ош шаарында троллейбус айдаган айдоочулар мэрия ар бир каттам үчүн төлөнчү сумманы 250 сомдон 300 сомго көтөрүп жибергендиги үчүн нааразы болуп иш таштоого чыгышкан. Бирок ошол эле күнү мэрия айдоочулар менен сүйлөшүп, алар кайрадан жумуш ордуларына кайтышкан эле. Сумма өзгөрүүсүз калып, мэрия чечүү жолдорун карап жатканын билдирген.

Бүгүн, 15-августта мэрияга караштуу муниципалдык транспорт ишканасынын жетекчиси Расулбек Мурзакуловдун SUPER.KG'ге атайын топ айдоочулар менен бирге каттамга чыгып, алар каттамдан канча акча таап жатканын айтып берди. "Атайын түзүлгөн топ айдоочулар менен каттамга чыгып, троллейбуска канча адам чыгып жатканын, план толуп же толбой жатканын көзөмөлгө алды. Ар бир айдоочу менен бирге болдук. Жыйынтыгында ар бир каттамдан 350 сомдон 400 сомго чейин акча түшүп жатты. Демек, айдоочулар пландан ашык акча табышты", - деди Мурзакулов.

Ал эми айдоочулар учурда шаарда киши аз болгондугуна байланыштырып бир каттамдан 350-400 сом түшпөйт деп, мэриянын маалыматын четке кагууда. 17 жылдан бери троллейбус айдаган Сагынбай Абакиров текшерүү маалында болгону 35 жүргүнчүнү ташып, 204 сом чогултканын айтты.

"Мен 204 сом чогултканымды текшерип жаткан топ көрдү. Ар бир сомду бирден эсепке алып чыгышып, жыйынтыгында мэрияга бир чыгып келгеним үчүн 96 сом карыз болуп калганымды билишти. Мен эле эмес, башка айдоочулар да карыз болушуптур. Бир күндө 7 жолу барып келсем, орточо эсеп менен 600 сомдон 700 сомго чейин карыз болуп калып жатпаймынбы. Ал карызды эртең айлык аларда айлыктан алып калышат. Алган айлыгыбыз 8 миң сомдун тегерегинде гана болот. Мен балдарымды багамбы же карызга иштеп жүрөмбү? Айла жок болгондуктан эле иштеп жатам "эртең эл көбөйсө план толуп калат" деген ойдо. Ошондуктан биз пландын суммасын азайткыла деген талап менен иш таштоого чыкканбыз.

Бир жыл мурун 180 сом (электр энергияга өзүнчө 80 сом) төлөсөк, быйыл жазында 250 сомго көтөрүп салган. Жакында "электр энергияга төлөбөй эле койгула, 300 сомдон төлөйсүңөр" деп чыгышты. Эмнеси болсо да арзандатуу керек", - деди Абакиров.

Мэрия өкүлү Мурзакулов буга чейин сумманы 300 сомго көтөрүү негиздүү экенин билдирген эле. "Сумманы төмөндөтүү талаптарын мэрияда талкуулап жатабыз. Бирок алар төгүп жаткан 250 сомду 300 сомго көтөрүү негиздүү. Анткени жай айларында эл аз болот деп электр энергия үчүн төлөп жатышкан 80 сомдон 50 сом кыскартып салганбыз. Азыр шаарга студенттер келе баштап, эл көбөйүп жатат. Ошондуктан ал 50 сомду жалпы тарифке кошконбуз. Анын үстүнө жаңы алынып келинген 23 троллейбуска быйыл 20 миллион сом төгүшүбүз керек", - деген Мурзакулов.

Анын айтымында, жалпы 35 троллейбус болсо, 70ке чукул айдоочу кезектешип айдашат. Алардын айлыктары 8500 сом болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.08.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча 100 сом тапкан турбайбы..... ммм ото коп жеп атыптыр акебиз.... камагыла анда....
15.08.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100 сом жеди деп иш козогула
15.08.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
20 милионду толош керек да туугандар эл учун иштеп койгула жебей эле чондор да жебей иштесенер кутуласынар карыздан
Shekeev969798 түзөттү 2017-08-15 19:11:43
15.08.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тролейбустун бир барып келгени учун 300с план аз элего. Себеби бир барып келишинде 100го жакын киши чыгып тушсо керек. Качан караба тыгын кетип аткан болотго?
16.08.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KyrgyzKagan, азыр каникул ага студенттер коп чыгатко негизи
16.08.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 19 320 000 сом таап жататго 35 троллейбус 12 айда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: