super.kg logo

Кыргыздын Билим берүү министрлиги кыргыз-түрк лицейлери тууралуу Түркияга "бул басым көрсөтүү" деп жооп берди

 

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” окуу жайлары тууралуу Түркияга жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик Түркиянын билим министринин орун басары Орхан Эрдемдин айткандарын кыргыз коомчулугуна басым көрсөтүү катары көрүп, аталган билим берүү мекемелерин дискредитациялоо аракети катары кабыл алган.

Өлкөдө “Сапат” билим берүү мекемелери 1992-жылдан бери иштеп келет. Бул жылдар аралыгында он миңдеген жаран татыктуу билим алышты. Ошондой эле алар түрк тилин жана маданиятын үйрөндү. Алар эки өлкөнүн элдерин байланыштырган көпүрө болуп эсептелет”.

Мындан тышкары “Сапатты” террордук уюмдар менен салыштырган туура эмес экени айтылат.

Эске салсак, 11-августта Орхан Эрдемдин ТIKA агенттигинин жыйынында Кыргыз мамлекетинин "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары Түркияга киргизилбеши мүмкүн экенин айткан.

"Туугандарыңарга, досторуңарга жана тааныштарыңарга айткыла, алар бул террористтик мектептерге барышпасын. Алар Түркияга келишсе, визалары жокко чыгарылуу ыктымалдыгы жогору. Түркияда ал мектепте окугандардын туугандары да кубаныч менен кабыл алынышпайт", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.08.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турк лицей бир жакшына эле иштеп атышпайбы 25 жылдан бери Турк лицейдегилер андай мындай деген созду угалекмин жакшы тарбия беришет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: