super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда жактоочулар менен соттун ортосунда пикир келишпестик чыкты

 

Бүгүн, 15-августта Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Түштөн кийин жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн улантты. Отурумга экс-президент Роза Отунбаева да катышууда. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова менен Наталья Никитенко сот залына кире алышкан жок. Буга соттун конвойлорго "Журналисттер жана айыпталуучулардын жакын тууганынан башка эч кимди киргизбегиле" дегени себеп болду.

Жактоочу Чынара Жакупбекова 2010-жылдын 13-май күнү Текебаевдин "Конституциялык кеңешмеде" сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасын окуп баштаганда сот Айбек Эрнис уулу "Ишке тиешелүү жерин айтыңыз" деген эскертүү берди.

Жакупбекова: "Ишке тиешеси бар мунун, так ушул 13-майда "Текебаев Маевский менен жолугушкан" деп айыпталып жатат, ошондуктан толук окуйм", - деп улантты. Сот аны араң токтотту. Залда угуучу катары отурган Роза Отунбаева да "ишке түздөн-түз тиешеси бар" деп кыйкырды.
Жакупбекова өз укугунан пайдаланып стенограмманы "окулсун" деген өтүнүч киргизди.
Айыпталуучу тарап өтүнүчтү толугу менен колдоп, Өмүрбек Текебаев: "Соттун жүрүшүндө да сиз ушул стенограмманы угууга каршы болгонсуз. Ошол күнкү окуялардын саат мүнөтүнө чейин материалдарга тиркелиши керек", - деди.
Прокурорлор өтүнүчкө каршылыгын билдирип, сот өтүнүчтү четке какты.

"13-майда өткөн Конституциялык кеңешменин стенограммасы видеолору менен ишке тиркелген. Окуя боюнча эле баа бериңиз сүйлөнгөн сөздөрдү кайталап айтпай эле коюңуз", - деди сот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.08.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сот,прокурорлордун эби кеттиго
15.08.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сот прокурорлук кызматка ылайыктуу экен
15.08.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
АША сотту өтө катуу даярдаган экенда ошол Эрнис уулуну КЫРГЗСТАНдан кууп чыгыш керек экен кудайдан коркпогон адилетсиз сот экен жазасын баарибир алат. Ал бир гана АШАдан коркот окшойт
15.08.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
take.kg86, Sottu sen ech kachan kuui albaisyn antkeni kol tiibestike ee ukuk korgoo orgondaryn kamkordugunda bolot kachan bolbosun
15.08.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Atas,презденттерди кууган элимдин алдында сотуң ким болуп калыптыр эл көтөрүлсө сотуңдун чычаар жери саманкана болуп калат. Андай кудайдан коркпогон адилетсиз соттун элге кереги жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: