super.kg logo

Интернет үчүн мыкты сыр сөздөрдүн сыры ачыкталды

 

Ар бир интернет колдонуучу сыр сөздү түзүү боюнча салттуу кеңештер менен тааныш: ал чоң жана кичи тамгалардан, ар кандай сандардан жана белгилерден турушу зарыл. Бул кеңештерди АКШнын технологиялар жана стандарттар улуттук институтунун мурунку менеджери Билл Бёрр жазган. 2003-жылы коопсуз сыр сөздөрдүн эрежелерин жазып чыккан. Бирок бүгүнкү күндө ал нускама ката болуп чыкты. Эми 72 жаштагы адис катасы үчүн уялып жатканын айтып, чыныгы мыкты сыр сөздү түзүүнүн жолун айтып берген.

2003-жылы Билл Бёрр сыр сөздөр тууралуу көп билчү эмес жана коопсуздук боюнча эксперт эмес болчу.

"Мен кылган нерселеримдин көбүнө өкүнөм. Нускама Интернет көпчүлүккө тарай электе, 1980-жылдардагы материалдарга негизделип жазылган. Жыйынтыгында андагы эрежелер баш аламан жана ката болуп калган", - деген ал The Wall Street Journal басылмасына.

Сыр сөз канчалык кыска болсо, ошончолук аны бузуп алуу жеңил экени аныкталган. Ошондой эле эсте каларлык сөздөрдөн турган узун сапты сыр сөз кылып колдонсо, аны бузуу оңойго турбасын айткан басылмага.

Оор жана кыска сыр сөздөрдү хакерлер 3 күндө табышса, жөнөкөй узун сүйлөмдү табуу үчүн 500 жыл керектелери жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.08.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охооо 500жылда почта очуп деле кетсе керек
15.08.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ха ха ошентип койо беретта,,, бир кундо бузуп жатышаткоо азыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: