super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуртай Борбиевге операция жасалып, функционалдык керебетке муктаж болууда

 
Нуртай Борбиев
Нуртай Борбиев
V “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземинде

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуртай Борбиевге операция жасалып, ал функционалдык керебетке муктаж. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

"Биздин сүйүктүү режиссёр жана актёр Нуртай Борбиевдин жамбаш сөөк жагына 2 ай мурун оор операция жасалган. Учурда ал кызы менен үйүндө. Операциядан кийин калыбына келүү процесси оор болууда. Кызы жалгыз болуп, Борбиевди керебеттен тургуза албай жатат. Эми ал функционалдык керебетке муктаж болуп жатат", - деген Баялинова.

Кинооператор, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1979) Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылында төрөлгөн. Бишкек айыл чарба техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүткөн. 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961-1966-жылдары өз алдынча оператор, 1966-жылдан тарта операторлук менен катар эле режиссёрлук ишин жүргүзгөн. 1990-жылдан тартып "Келечек" киностудиясынын вице-президенти, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун профессору. Оператор катары тарткан көрүнүктүү чыгармалары "Алай карларында" (1963), "Манасчы" (1965), "Тору-Айгыр тумшугу" (1967), "Мурас" (1969), "Советтик Кыргызстан" (1975) документалдык фильмдери, "Шаркыратма" (1975), "Түркүн тагдырлар" (1979), "Кошой таш" (1981), "Ак илбирстин тукуму" (1985), "Сүйүү жаңырыгы" (1986), "Маңкурт" (1989), "Азиат" (1990) көркөм фильмдери. Режиссёр катары "Айдың" (1975), "Дунгандар" (1975), "Тынчсыздануу" (1975), "Жер деген эмне?" (1992) документалдык фильмдерин тарткан. "Саманчынын жолу", "Көчө" фильмдеринде ролдорун чеберчилик менен ойногон. Өзү тарткан бир катар документалдык фильмдердин сценарийинин автору. Тарткан фильмдеринин басымдуу бөлүгү эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-байгени алган. Медалдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.08.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
улуу режиссерго демоорчулор кантип чыкпасын...
16.08.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин өзүбүздүн Эрлан Асангожоев мырзага кайрылуу керек! Кыргызстанда функционалдык керебеттерди жасап чыгарып жаткан жалгыз ишкер, акчасын эл чогултуп берсек болот. Биздин керебеттер сапаттуу, 28-30миң сомдун тегерегинде, анан ар бир кишиге жекече ыңгайлаштырып жасалат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: