super.kg logo

Жалал-Абаддын базарындагы баш аламандык өрткө каршы машыгууга тоскоолдук жаратты (фото)

 

Жалал-Абад шаардык базарында өрткө каршы машыгуулар өтүп, базардын ичиндеги баш аламандык тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, аталган инспекциянын аймактык башкармалыгынын адистери шаардагы "Мадумар-Ата", "Тору", "Айгүл", "Аль-Мадина" жана "Береке" базарларында машыгуу өткөрүштү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унаалардын базарларга кирип чыгуусуна олуттуу тоскоолдуктар жаралды. Себеби сатуучулар соода күркөлөрүн баш аламан, унаалар өтчү жолдорго орнотуп алышкан. Жеринде инспекциянын инспекторлору тарабынан соодагерлерге баш аламан күркөлөрдү жылдыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти мекемеден.

Ал эми базар ээлерине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилди. Бир айлык мөөнөттө белгиленген мүчүлүштүктөр жокко чыгарылбаса, базар ээлерине мыйзам чегинде чаралар көрүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.08.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базардын ичи кенейип калат экен го
16.08.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл-кыянын базарыны корсо ооздору ачылат пожарниктердин,машина эмес пешком аран журосун.
16.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
О дейсинер бу дейсинер элдер жыргаганынан базарга чыгышкан жок башымдан откон менин да элдер базардан башка каерде иштешет эптеп жан бакмай азыр
16.08.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayjan_90, Базарга чыгып отургандын дагы эрежеси барда, эчким соода кылба деген жок, тартипти дагы сакташ керек, кудай сактасын, бирок эртенки куну орт чыгып калса, оздору эле жабыркайт, анан противопожарный правилаларды сактабай, дагы эле мамлекетти куноолошот, береженного бог бережет дейт!
16.08.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayjan_90, Ассалоому алейкум! Бул жерде базарга чыкбагыла деген жок, ар бир нерсенин озунун тартиби болот, тартип менен саткыла деп жатат чындыгында базарда бут койорго жер тапбай калган учурлар болот, Бул орт очургучторго ынгайсыздык жаратат кечеги Озгондогудой орт чыгып кетсе кантип кирет, базардагылардын баш аламандыгынын айынан кечигип кирсе дагы айтасын ошону мурда эле караштырып койсо болмок деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: