Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы "Манас оюндарына" карата ижарага тулпарларды издеп жатат

Кыргыз өлкөсүнүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы ат чабыш оюндарына карата ижарага тулпар издеп жатканын мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында 25-31-август аралыгында спорттун улуттук түрлөрү боюнча өтө турган "Манас оюндарынын" финалдык бөлүгүнө тулпарлар керек болгон. Анда көк бөрү, ат чабыш, салбуурун жана эр эңиш оюндарына карата ижарага тулпар алынат. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы ижарага 141 миң сом коротушары жазылган.
Аталган мелдеш 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.