super.kg logo

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен экотехинспекциянын соту жылды

 

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен экотехинспекциянын соту жылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбеков билдирди.

"Бүгүнкү күндө соттук отурум уланып жатат. Ушул күнгө чейин эки жолу отурум болду. Соттук отурумдун жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери жүйөлүү көрсөтмө бере албай убара болуп жатышат. Бүгүн соттун чечими чыгары күтүлүп жаткан, бирок отурум 25-августка жылып кетти. Менимче, сот арызымды канааттандырып, мен тарапка чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатам. Анткени мен мыйзам бузуучулук жолго барган эмесмин", - деп билдирди Дооронбеков.

Маалым болгондой, буга чейин Талас облустук Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына "мыйзамсыз иштерге барып жатат” деген кине менен 7500 сом айып салып, ага макул болбогон билим берүү бөлүмүнүн башчысы сотко арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: