super.kg logo

Адвокат сотко: "Текебаевдин соту бул саясий шоу, биз сиз менен анда актёрлорбуз"

 

Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда жактоочу Канат Хасанов жарыш сөзүн сүйлөп жатат.

“Бул кылмыш иши кайдан пайда болгонун айтып берсем. 21-февралда орус ишкери Текебаевдин үстүнөн арыз жазганын бүтүндөй кыргыз эли көрдүк. Мен бул арызды Леонид Маевский бийликтин буюртмасы менен жазганына ишенем. Үч айдын ичинде бул буюртма менен козголгон кылмыш иши сотко жетти. Бул иште мамлекеттик айыптоочулар жана тергөөчүлөр бир да далилди табышкан жок. Бул кылмыш иши эмес, саясий иш. Бул саясий шоу. Биз сиз менен анда актёрлордун ролунда болдук. Бул кылымдын соту болду. Кыргыз тарыхында Текебаевдин өмүр баянына окшогон бир да адам жок. Текебаевди каралоо иштери 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан тартып башталган. “Белизгейт” деген жасалма документти УКМК коомчулукка алып чыккан. Мында Текебаевдин, Салянованын, Шыкмаматовдун аттары аталып, ири суммадагы акча алып 2012-жылы "Мегакомду" сатууга аракет кылган деп айтылган. Бирок документтердин жасалмалуулугу каталар жана ички паспорттор колдонулганы менен эле далилденип калган”, - деди Хасанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.08.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канат Хасанов эми туура айттың окшойт биздин соттор актёр экенин бетине айтпасада кагазга ороп айтканда түшүнсө керек ким экенин.
16.08.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жашоондун ОЗУ шоу. Теке жылдыз болду бул шоуда. Торт адвокат торт жактан ажылдап оло Жан талашып болгон аракетин корсотуп жатышат да. Акталбасын билип элди кого тукуруп жатышат да. Теке эчкинин мойнуна ремень салган маевскийдикине жон эле салат ременьди))))) Айбек эрнис баласына сабыр бере кор.
16.08.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Advokat oooo kop gonorar alyp alyp byltyityp atkan eken
16.08.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акырында чындык чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: