ЖЫЛНААМА, 16-АВГУСТ: Мындан 30 жыл мурун атактуу советтик театр жана кино актёру Андрей Миронов каза болгон



Актёрдун бала кези

"Бриллиант кол" тасмасынан кадр

"Бриллиант кол" тасмасынан кадр
Мындан 30 жыл мурун, 1987-жылы 16-августта советтик театр жана кино актёру, РСФСРдин Эл артисти Андрей Миронов каза болгон.
Актёр 14-августта Ригадагы театрда мээсине кан куюлуп, спектаклде акыркы эпизодду ойногонго жетишпей калган. Эки күн бою анын дем алуусун жана жүрөгүнүн согуусун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок актёр 16-август күнү таңкы саат 5:35те каза болгон. 20-августта Москвадагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлган.
Атактуулуктун туу чокусун багынтса да, актёр өзүнүн жөнөкөйлүгүнөн жазбаганы айтылат. Ал 1941-жылы 7-мартта чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1958-жылы Вахтангов театрынын алдындагы Борис Щукин атындагы окуу жайга тапшырган. 1960-жылы "Бул сүйүү болсочу?" аттуу тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1963-жылы "Үч кошуу эки" тасмасында башкы ролду жаратып ийгиликке жетишкен.
1966-жылы Андрей Миронов тартылган "Автомобилден абайла" тасмасы көптөгөн чет элдик сыйлыктарга ээ болгон. 1968-жылы 28-апрелде "Бриллиант кол" тасмасынын кеңири премьерасы болуп, рекорддук 76 миллион 700 миң адам чогулган.
Жеке жашоосу
Актёр 1971-1976-жылдары Екатерина Градова менен никеде туруп, Мария аттуу кыздуу болушкан. Ал эми 1977-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Лариса Голубкина менен бирге түтүн булаткан.
16-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.