Орусияда Кыргыз жаранынын бакка асылган жансыз денеси табылды
Орусиянын карамагындагы Саха (Якутия) Республикасынын Усть-Нера шаарындагы токойдон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 9-августтан 10-августка караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар 21 жаштагы Кыргыз жаранын сабап өлтүрүп, бакка асып кетишкен.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, Кыргыз жаранынын өлүмүнүн себеби иликтенип жатканын билдиришти.
"Маркум 21 жаштагы И.А. аттуу Түп районунун тургуну болгон. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Усть-Нера шаарынын укук коргоо органдарына кайрылуу жиберилди", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Жон жургон адамды олтурмок тургай ким согот,ким катуу айтат???
Ошол белгисиз бироолор белгисиз эмей эле кыргыздын жараны болуп чыгат,мени айтты деерсинер...
2002ден бери мен да чет элдемин,т.е орусияда,кыргыздын душманы кыргыз!!!