super.kg logo

Жактоочу Текебаевди соттоо боюнча сценарийди ким түзгөнү боюнча пикирин айтты

 

Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда жактоочу Канат Хасанов жарыш сөзүн сүйлөдү.

"Белизгейт” боюнча жасалма документтер коомчулукка чыккандан кийин “Ата Мекен” фракциясы УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо жана жумуштан кетирүү талабын койгон эле. Бул жоопкерчиликтен качуу үчүн Сегизбаев "Мегакомдун" акцияларына байланыштуу сценарий түзүп, Текебаевге карата кылмыш ишин козгоп жатат. Текебаевдегидей тарых Кыргыз саясатчыларынын эч биринде жок. Бул процессте сизге тарыхый миссияны аткарып, соттун көз карандысыз экенин далилдей турган укук берилген. Бул айыптоо негизсиз. Бардык кесиптештеримдей эле бардык материалдарды объективдүү карап туура баа берүүңүздү, адилет чечим чыгарып, Текебаевди актап берүүңүздү суранам. Текебаев бул карапайым элдин укугу үчүн күрөшкөн жана күрөшө турган адам. Кыргыз элине сиз көз карандысыз сот экениңизди көрсөтүңүз", - деп жарыш сөзүн аяктады Хасанов.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге "Мегаком" чуусун териштирүүгө байланыштуу маалымат берген.

УКМКнын башчысы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын, ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык сумманы "Саутфилд" компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөй турганын айткан.

Өмүрбек Текебаев "Мегаком" боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарыялаган документтердин жасалма экенин билдирген.

2017-жылдын 27-июлунда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында эгер бул иш такталбаса, Абдил Сегизбаев жооп бере турганын айткан. "Прокуратурадан улам маалымат алып турам, бул ишти унутулду дегенге болбойт. Мени атайын унуттуруп жатат дебегиле, мен унуткан жокмун. Прокуратура кат жиберип (Белизге), кат алып жатат. Мен айткандай эле бул иш тастыкталбаса УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жооп берет. Иш жүрүп жатат, мен кызматтан кеткиче жыйынтыгы чыгып калышы мүмкүн", - деген президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
16.08.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Элден айланбай жон согушкулачы! Элди аралаштырып эмне кереги бар.
16.08.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
rysik79,дагы сенби чал болуп калыпсын пенсияны алып унчукпай жат эми
16.08.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тилекке каршы сот Атамбаевке туздон тун коз караштуу сот,муну элдин баары билип бутту. Коз карандысыз сот болгондо давно актап чыгармак.
16.08.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Missing-u, Koz karandysyz sot $ dan alyp turup koio bermek da aktap jibermek , anan kaira ele uraa men chyktym dep chon toi otkozup dagy ele kashasyn chalyp juro bermek
16.08.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pensiasyna chygyp alyp eldi tynch koiushsa bolot ele
16.08.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акталып чыкса экен
16.08.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АША соттун төрөгасын Текебаевди камайсын же өлөсүн деп коркутса керек. Кыскасы акталбайт да көрөсүнөр го. Бирок жакында КСДПна каршы биир көтөрүлүш болот точно. Мен төрөлгөндөн бери кыргызтанда мынчалык адилетсиздик болбосо керек. Акыркы айларда бийлик ээлери элди ойлобой калды, Текебаев, Жапаров деп атып. Акыркы жылдары кошуна өлкөлөрдө алдыга жылуу болсо, бизде теркерисинчи болду. Бизде кандай саясат жүрүп жатканын ар бир кыргыз билип, сезип турат. Элдер президенттик шалоону күтүп аткандай...
16.08.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admiral,сот мафияга аралашып калды. Камабаса башы кетет.
16.08.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А байкуш бийилик эмнелерди гана жасабай жатат Жапаров менен Текебаевди камаш учун Шашпай тургула силердин да кунунор бутуп баратат.
16.08.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ойлоп калдым, мамлекетик кызматка отурсан колунан келишинче жеп коррупция кыл, бирок Президент менен жакшы болбосон анда жеп ичкенин билинип камаласын, же Президенттин кылган былыктарын билип анан элге жарыялап турсан озун жакшы адам болуп ошондо айрым тушунбогондор колдоп каматбай калышы мумкун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: