Канжар Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү
Кечээ, 15-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канжар Кадыралиевдин иши боюнча соттук отурум уланган. Анда айыпталуучу тараптын жактоочулары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Аны сот канааттандырган.
Ал эми жабырлануучу Мирлан Жолдошовдун жактоочусу Азизбек Турдалиев райондук соттун чечими боюнча шаардык сотко даттанарын билдирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Буга бир катар жарандардын Кадыралиевдин үстүнөн арызданышканы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.