Ошто турмуш шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары таратылууда













Ошто “Биринчи коңгуроо” долбоорунун алкагында окуучуларга кайрымдуулук сумкасы таратылууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ош облустук казыятынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Биринчи коңгуроо” долбоорунун алкагында коомдук фонд тарабынан аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн мектеп окуучуларына жана жетим балдарга окуу куралдары жана сумка таратылды.
"Иш-чаранын жүрүшүнө мугалимдер, мектеп окуучулары, коомдук фонддун жетекчилери жана дин өкүлдөрү катышты. Ата-энеси жок жетим жана жардамга муктаж 35 окуучуга бир жылга жетерлик канцелярдык окуу куралдары толтурулган сумкалар тапшырылды. Кайрымдуулук иш-чара 8 мектепте уюштурулуп, жалпысы 1 миң сом өлчөмүндөгү окуу куралдары салынган 210 сумка таратылып берилмекчи", - деп билдирди казыяттан.
