super.kg logo

9 жаштагы мектеп окуучусу туулган күнүнө президенттен белек алды

 

Ош шаарындагы 3-класстын окуучусу Элнура Эсеналиева туулган күнүнө президент Алмазбек Атамбаевден аквариум балыктарын белекке алды. Президенттин белегин бүгүн, 16-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Элнура Эсеналиева мындан 20 күн мурун 13-августта болчу туулган күнүндө президенттен белек алууну каалап, кат жиберген. “Кызым сыналгы көрүп отуруп "президентке кат жөнөтөлү" деген оюн айтты. Анткени 13-август кызымдын туулган күнү эле. Катына "аквариум балыктарын белекке бериңиз" деген каалоосун жазып, мен аны жөнөтүп койдум. Өлкө башчыбызга ыраазычылык билдирем, кубанычымда чек жок”, - дейт апасы Эсеналиева.

Ал эми кичинекей Элнура аквариум балыктарына көптөн бери кызыгып жүргөндүгүн, кыялын өлкө башчы орундатып, туулган күнүнө күтүүсүз белек кылгандыгы үчүн кубанып жаткандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.08.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой кокуй оой.... аны билгенде, мен дагы кат жонотмок экенмин. Эми жонотсом, "улам эле силерге кайдагы аквариум" деп бербейт го ээ. Бирок мен Айтмамат Кадырбаев эмес, именно Атамбаевдин колунан алсам жакшы болмок, хе хе
Snejana түзөттү 2017-08-16 14:16:44
16.08.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевтин кичинкейлердин ойлорун эске алып ушундай кубаныч тартулаганы ото кубанычту( Мурда дагы кичнекей балага уй берген эле)
16.08.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АША деп аткандар кана эми.Мындайда унчукпай калышат.Жаман болсо дагы президентибиз.
16.08.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байдын кызы кат жонотту, ойундагысын алды.Кедейдин баласы кат жонотконду билбейт байкуш
16.08.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida,туура айтасын байдын кызы жонотуда кембагалдын балдары иштеп журот таалада башка жакта мектепке кийимди озум кылам деп
16.08.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошентседа конулун калтырбай бериптир биздин президент!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: