Кыргыз өкмөт башчысы Өзбекстандын өкмөтү менен бирге чогулуш узакка созулган тыныгуудан кийин өтүп жатканын белгиледи
Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээбеков Өзбекстан менен өкмөт аралык отурум узакка созулган тыныгуудан кийин өтүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-августта Кыргыз-Өзбек өкмөт аралык отурумунда билдирди.
Жээнбеков эки өлкөнүн соода-экономикасынын жол картасын кабыл алуу керектигине токтолду. Тар чөйрөдө жолукканда эки жак тең тоскоолдук жана чектөөнү алып салмайынча кызматташуу өнүкпөй турганын түшүнгөнүн белгиледи. Чек ара өткөрүү пункттарын жандандыруу зарылчылыгын белгилешкенин айтты. Ошондой эле биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу керек экенин сүйлөшүшкөн.
Азыркы тапта эки тарап жабык эшик артында отурумду улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

