super.kg logo

Ырчы Кенже Дүйшеева: "Кыз-Бурак" тобунун тарыхында менден көп убакыт иштеген кыз болгон эмес"

 

Бир нече мүнөттөрдөн кийин ырчы Кенже Дүйшееванын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырчыга сизди кызыктырган суроолорду берип, жооп алсаңыз болот.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелип, мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолоруңузду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып калтырсаңыздар болот. Оригиналдуу собол салган окурманга белек берилет.

15:00. Кенже Дүйшееванын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. "Быйыл ден соолугума көңүл буруп, эс алдым. Көптөр мени көрүнбөй кетти деп жатышат болушу керек. Анткени убактымды үй-бүлөм менен бирге өткөрдүм", - дейт ырчы. Ал алып баруучулардын билимди текшерүүчү суроолорунун көбүнө туура, так жооп берди.

15:08. Суроо: "Чыгармачылык деп жүрүп, турмуш жолуна кеч аттандыңыз. Бир кызыңыз бар экенин билебиз. Эмнеге кызыңызга дагы түгөй алып келейин дебейсиз, кеч болуп калбайбы?"

Жооп: "Турмушка чынында кеч чыктым. Кудайга шүгүр, кызым бар. Мен үй-бүлөм үчүн бардык нерсеге кол шилтеп коюшум мүмкүн. Көп балалуу болгум келет".

Ырчы жолдошу дайыма жылмайып жүрөрүн, токтоолук менен иш кыларын жана учурда курулуш иштери менен алек экенин айтты.

"Чыгармачыл айымдардын жанында дайыма күчтүү эркек болушу керек. Алар турмушка чыккандан кийин кайра сахнага кайтып келүүсү оор. Кенжени Кенже кылган жолдошум деп айта алам", - дейт ал.

15:17. Суроо: "Сизди "Жебе" тобунун жигиттерин өз менчигиндей кылып кызганат деп айтышат..."

Жооп: "Жашоодо кызганчаакмын. Бирок себеби жок кызганбайм. Көп учурда "Жебе" тобунун жигиттерине концерт бүткөндөн кийин сүрөткө түшөм деп кыздар келип, бир сааттай убактысын алып коёт. Ошол учурда ачуум келет. Себеби менде да жумуштар бар. Ушундай учурду кээ бир адамдар топтогу жигиттерди кызганат деп ойлосо керек".

15:27. Суроо: "Сулуулугуңузга кандай кам көрөсүз? Сиз аябай сулуусуз".

Жооп: "Бардык айымдар сулуу болуп төрөлөт. Адамдын кандай экендиги анын жүзүнөн көрүнөт. Ички сулуулуктан өткөн сулуулук жок болушу керек. Мага ички дүйнөнүн сулуулугу көбүрөөк жагат".

15:36. "Ар бир жумушту аягына чыгарганды жакшы көрөм. "Кыз-Бурактын" тарыхында топто менден көп убакыт иштеген кыз болгон эмес, Гүлшайыр (ред. "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова) эжеден кийин. Мен топко келгенде Сайкал (ред. ырчы Сайкал Садыбакасова) 1 жашта эле, ал 17ге чыккандан кийин кеттим", - дейт ырчы.

Кенже Дүйшеева кыздарга караганда жигиттер туруктуу болорун, алар менен иштешүү жеңил экенин айтты.

15:48. Ырчы редакция даярдаган оюнга активдүү катышып берүүдө.

15:55. "Кызым ырдагысы келет. Бирок мен анын башка кесиптин ээси болушун каалайм", - дейт ырчы.

16:04. Суроо: "Жебе" тобу тарадыбы? Алар эмне үчүн жеке ырчы катары чыгып жатышат?"

Жооп: "Топ учурда иштеп жатат, тараган жок. Качан өздөрү жеке ырчы бололу деп сунушташканда мен каршы болбойм".

16:12. "Балалыгым өтө кызыктуу өткөн. Апамдын мени менен сыймыктанган учуру көп эле болду. Эжелерим калп айтып койсо, апам "Кенжеден сурайм" дечү. Ата-энем мени "адвокат кызым" деп эркелетишчү", - дейт ырчы.

16:19. "Артка кылчайганды жактырбайм. Дагы далай булактын көзүн ачам деп ойлойм. Таланттуу уул-кыздарды тарбиялап өстүргүм келет", - деди Кенже Дүйшеева.

16:31. Суроо: "Сырыңызды кимге айтасыз?"

Жооп: "Сырымды өзүмө анан жолдошума айтам. Жолдошум аны сабырдуулук менен угуп, кеңештерин берет".

16:34. Ырчы белегин өзүнө комплимент айткан күйөрманына ыйгармакчы болду.

16:36. Кенже Дүйшееванын түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.


кошулду





Кенже Дүйшеева: "Мен үй-бүлөм үчүн бардык нерсеге кол шилтеп коюшум мүмкүн"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(36)
16.08.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айжамал менен мамилен кандай?
16.08.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Саламатсызбы Кенже Эже сизди бала кезимден жактырып келем ырларынызды тажабай угам сизге уй булолук бакыт озун айткандай еле жараткан Алла сизге коооп баланы жыттын насип этсин Мага озунузго жакан койногунузду белеке бере аласынбы?
aminkaerke түзөттү 2017-08-16 15:42:56
16.08.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aminkaerke,койногун жокпу жыланач калдынбы
16.08.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизди абдан жакшы көрөбүз. Кенже эже, эгиз уулдарды төрөп алышыңызды тилек кылам. Талгат жездеге окшош болсун экөө тең. Ушул татынакай бойдон жүрө бериңиз.
16.08.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aichurok eje menen anjelikanin urushuna koz karashiniz? Ne deit eleniz, kunoo kimden ketti?
16.08.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Кенже эже, "Жебе" тобу тарадыбы? алар эмнеге жеке ырчы катары чыгып жатышат, бизге ушул топ аябай жагат.
azusha2017 түзөттү 2017-08-16 15:53:05
16.08.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуучулук күндөрдөн кызыктуу окуя айтып бериңизчи.азыркы саясатка көз карашыңыз кандай эгер президент болуп калсаныз жумушту эмнеден баштамаксыз?суроомду өкуп коюңуздарчы сураныч.
16.08.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саламатсызбы кенже эже сизге суроом баланыз ошол эле кыргыздын жигиттери манас ниязовго окшогон кок боручу болом десе баланызга эмне демексиз
16.08.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсызбы кенже эже, бир нече жылдар мурун сиз турмушка чыгып Гулшайыр эжеден бата алганы барганынызда бата бериштин оордуна телефонум жулуп алды деп аткан экенсиз, бугунку кундо Гулшайыр эже м.н мамилениз кандай???
16.08.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже, колунуз менен чачынызды улам-улам артка ыргыта берет экенсиз. Бул өзүӊүз билген бирок токтото албаган адаттарыӊыздын бири окшойт. Дагы кандай өзүӊүздү тыя албаган жаман адаттарыӊыз бар?
16.08.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы Кенже эже интернеттеги лайфкактарды колдоносузбу ?
Бир адамды суйуп ошол адамга жетпей калдыныз беле ?
16.08.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кенже эже сизди мындай каттуу аял болушунузга эмне себеп болду?
16.08.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жумагул м.н болгон дует кимдин идеасы? ж.а жумагулдун уну сиздин унунузду басып кетти дешет
16.08.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайсыз азыркы саясатка көз карашыныз кандай эгер сиз президент болуп калсаныз эмнеден жумуш баштамаксыз?
16.08.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин суроолорум не чыкпай жатат?
16.08.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
beklan.kz12, саламатсызбы! Суроолор редакция тарабынан иргелет.
16.08.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындан эки жыл мурун биз жака концерт койуп келгенинизде жолдошумду зордоп алып барган элем ошол кундон тартып сизди сыйлап ырларынызды угуп калат себеби сиз орус эл ырчысы Сосого окшоп ар бир ыр ырдалар алдын кыскача мисал айтып кетет экенсиз мен аны байкабапмын жолдошум ошонунузга кобуроок маани берип мужик аял экен деп калган эми дагы качан келесиз Кадамжайга ??
16.08.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evra_kg кызык еле элдерибиз бар соссуз кийими жок калганда бироодон сурайбы мен белек катарында сурадым жакшы коруп сенден сурайын менин жеке квартирам жок кыйын болсон шаардан квартира алып бер сенден сурайын
16.08.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beklan.kz12, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
16.08.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы, Кенже эже мен сиздин чечкиндүү, таланттуу, мунузунузду баалайм анан менин суроом Айжамал Гулнара эжелер менен мамилениз кандай,дегеним акыркы убакта концерт коюп жатасыз дар бирок бири-биринердин концертке келбей калдынар суроомо жооп бересиз деп ойлойм. Рахмат
SUPER.KG видео
16.08.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийии сонун эже да чыгармачылык ийгилик каалайбыз
SUPER.KG видео
16.08.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кенже башкарып алыптырго экоону
SUPER.KG видео
16.08.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындан нары да ар дайым ийгилик коштоп журсун Кенже эже. Туболукко бактылуу болгула! Алып баруучу Таттыбубу сонун кыз тыкылдаган!
SUPER.KG видео
17.08.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыз Буракта Кенже эженин эмгеги ат көтөрө алгыс.ишиңизге ийгилик жаңы жаңы ырларды күтөм.
17.08.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кенжени да сыйлайм и Гулшайыр эжени да сыйлайм.Кенже кандай кана болбосун Гулшайыр эже сени Кенже кылды созсуз эженин конулун ал.Сага дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм.Сени сыйлаган куйорман эжен Самар
SUPER.KG видео
17.08.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ото кучтуу аял заты деп ушул эжени айтмакмын. Азаматсыз!
17.08.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-Буракта менден коп иштеген кыз болгон жок дедин,ошол жерден атын чыккан, ошол жерден Кенже болгонсун, анан неге Гулшайыр эже менен жакшы болбой жатасын, ичкен сууна,тузуна тукурбо дейт го кыргызда. Эми адам болуп алып эле кокурогуну каккылап чыга бербе да, ким билет дагы мындан аркысын. Анан жолдошум эле дей берет экенсин, тооба.
SUPER.KG видео
17.08.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыска нуска жооп Берсе жакшы болмок,бир суроого 2саат жооп бербей. Журналисттер да тажап кетип жатышкандай туюлду Мага. Мен, мен Деп Эле мактана берет экен
SUPER.KG видео
17.08.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Илим ойлонуп сонун сурооо берип коёт экен)
SUPER.KG видео
17.08.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай коп мактанат экен
SUPER.KG видео
18.08.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо Нурзат Токтосунованы чакыргылачы
SUPER.KG видео
20.08.2017. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы философко
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: