super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Ырчы Лутфилла Бусурманкулов "Сардал кыз" ырынын клибин тартуу кызыктуу өткөнүн айтат

 

Бүгүн, 16-августта "Медиа-портал" бөлүмү ырчы Лутфилла Бусурманкуловдун "Сардал кыз" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы клип тартуу процесси кандай өткөнү тууралуу буларды билдирди:

"Клиптин алгачкы бөлүгү, тагыраагы менин тоолордун арасында ырдап жатканым Чоӊ-Алайда бир жыл мурун тартылган. Бул жылы калган бөлүгү тартылды. Ал эми баш каарман тууралуу айта кетсем, ал кызды бир күнү өзүм иштеген телеканалдан көрүп калдым. Мен элестеткен Сардал кыздын образын жарата аларына ишенип, ага сунуштасам, каршы болгон жок. Тартуу учурунда ал берилүү менен, кыйынчылык жаратпай ойноп берди.

Ал эми бийлөө учурунда күн ысык болуп, аябай тердегенбиз. Кызыгы, магнитофон жок болгондуктан унаага музыка коюп бийлеп жаттык. Андыктан биз клип тартып жаткан этноресторанда отурган коноктор съёмка бүткүчө "Сардал кызга" бийлеп жатышты. Албетте, алардын биздин чыгарманы жылуу кабыл алганы кубандырды", - дейт ырчы.

Лутфилла Бусурманкуловдун "Сардал кыз" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.08.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сардал кызды Нурмат Сарыров ырдап чыкты беле
16.08.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт экен.
16.08.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОЗУ ашыкча эле кыймылы коп,кызыктай бийлеп ырдайт, жакшына туруп деле ырдаса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: