БШК президенттикке экинчи талапкерди каттап, күбөлүк тапшырды



Бүгүн, 16-августта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке дагы бир талапкерди каттады. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык документтерди тапшырып, мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөн Өмүрбек Бабановго күбөлүктү тапшырды.
Бабанов БШКнын мүчөлөрүнө кайрылып шайлоонун калыс, адилеттүү өтөрүнө ишенерин айтып, ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, буга чейин БШК Темир Сариевди президенттикке талапкер кылып каттаган. Шайлоо 15-октябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

