super.kg logo

О! мобилдик оператору ажыга баргандарды туугандары менен арзан байланышуусун камсыздайт

 

О! мобилдик оператору Сауд Арабия Падышалыгына ажыга барчу абоненттерин арзан байланыш менен камсыздоо боюнча уникалдуу долбоорду ишке ашырып жатат.

"Биз туугандарга бара турган жерге аман-эсен жеткендигибизди кабарлоо жана алар менен эмоцияларыбызды бөлүшүү канчалык маанилүү экенин билебиз. Өзгөчө биздин жарандарыбыз үчүн мындай жерде туугандары менен байланышта болуу маанилүү. Ошол себептен бул процессти максималдуу жөнөкөйлөтүп, О! түйүнүндө бардык абоненттер үчүн роумингде эң пайдалуу шарттарды сунуштоого аракет кылдык", - деп билдирди О! мобилдик операторунун Роуминг жана интерконнект кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.

"21-августтан тартып сиздер, туугандар жана жакындар менен байланышуу үчүн номерди алмаштырбастан өз SIM-картаңызды Сауд Арабияга конгондон кийин Saudi Telecom Company (STC) операторунун түйүнүндө арзан шарттарда колдонуп баштасаңыздар болот", - дейт Литвинов.

1 мегабайттын баасы Сауд Арабия Падышалыгынын аймагында болгону 1 сомду түзөт. Ал эми бир мүнөт бардык түйүндөрдөн кирүүчү чалуунун жана О! түйүнүндө үйгө чалуунун баасы 10 сомду түзөт.

Маалымдама: 1 МБ интернет-трафик каалаган мессенджерде болжол менен 50 билдирүү алышып-беришүүгө же WhatsApp, Viber же Telegram менен 2 мүнөт сүйлөшүүгө жетет. 1 сомго сиз чаттан орточо "салмагы" 200 килобайт болгон 5 сүрөт жөнөтө аласыз.

Кыргызстандын аймагынан чыгардын алдында "Роуминг" пайдалуу кызматын кошуу үчүн *996# акысыз буйрутмасын териңиз, ал эми интернет-роуминг кошуу үчүн –*997# акысыз буйрутмасын. Жөнөкөй, ыңгайлуу, абоненттик төлөмсүз.

О! мобилдик оператору сиздерге ак жол жана ыйык жерден эсен кайтып келүүңүздөрдү каалайт!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кымбат екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: