Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары өкүмгө нааразычылыгын билдиришти (видео)






Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Текебаев акыркы сөзүн сүйлөгөндөн кийин сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткен эле. Арадан 5 сааттан ашык убакыт өткөн соң чыккан сот өкүмдү окуп, экөөнү тең 8 жылга эркинен ажыратты. Бул өкүмгө нааразычылыгын билдирген тарапташтары сотко "Наалат!" деп кыйкырып жатышты. Ал эми жактоочулары шаардык сотко арызданышарын айтышты.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Бугун бар да,эртен жок...Аттин!