ЖЫЛНААМА, 17-АВГУСТ: Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 64 жашка толду
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 64 жашка толду. Ал 1953-жылы 17-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн.1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Өз эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо иштөөдөн баштаган.
1976-1981-жылдары Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Кыргыз ССРинин Борбордук Комитетинин методисти, инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.
1982-1983-жылдары Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облустук комсомол комитетинин катчысы кызматында иштеген.
Москвада ИИМ академиясын 1989-жылы бүтүрүп келгенден кийин Ысык-Көл облустук ички иштер органдарында иштеген. 1994-жылдан тартып бир катар жогорку жооптуу кызматтарда иштеген. 2010-жылдын октябрь айында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2015-жылы "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп парламентке келген.
Мыктыбек Абдылдаев юридикалык илимдердин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, милициянын генерал-лейтенанты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи. Ошондой эле 1-даражадагы “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясынын “Шериктештик” ордени менен сыйланган.
17-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2025-11-11
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















