super.kg logo

Сериалдарды көп көрүү - уйкусуздукка алып келет жана эс-тутумду начарлатып, адамды "зомбиге" айлантат

 

Бир отурганда сериалдын бир сезонун толугу менен көрүп коюу же анын көп сериясын көрүп бүтүрүү адамдарды "зомбиге" айлантат. Мындай жыйынтыкты окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөнүн америкалык "Journal of Clinical Sleep Medicine" журналы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сериалдарды көрүүгө ашыкча убакыт коротуу уйкусуздукка, адамдын реакциясынын жай болушуна жана эс-тутумдун начарлашына алып келет.

"Так талашуу оюну" ("Игра престолов") же болбосо "Басып жүргөн өлүктөр" ("Ходячие мертвецы") сыяктуу көрүүчүнү экранга байлап ала турган сериалдарды көргөн адамдар анда болуп жаткан окуялардан аябай таасирленишет. Андыктан уктайын деп жатканда дагы ал жөнүндө ойлонуп, жакшы эс алышпайт", - деп билдирген Бельгиянын Лёвен университетинин окумуштуусу Лизе Экселманс.

Экселманс жана анын АКШнын Мичиган штатындагы университеттен кесиптеши Ян ван ден Бюлк 400дөй студентти чогултуп, изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында ага катышкандардын 80 пайызы бир отурганда сүйүктүү сериалдарынын 10-12 сериясын көрөрү аныкталган. Ал эми алардын үчтөн бир бөлүгү сериалдын көп эпизоддорун көргөндөн кийин бир нече күн, кээде жумалап уктай албай кыйналышарын билдиришкен.

Сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, сериалдар акыркы учурда ток-шоу жана башка көңүл ачуучу телекөрсөтүүлөрдөн ашып, эң популярдуу телевизиондук программаларга айланган. Эң белгилүү сериалдарды күнүнө орточо эсеп менен 10 миллиондогон адамдар көрүшөт.

Жогоруда айтылган сериалдын тийгизген кесепеттеринен арылуу үчүн адамдардын белгилүү убакыттан кийин телевизорду өчүрүп коюучу таймерди колдонуусу зарыл экенин окумуштуулар эскертишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.08.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунуно 2 сериядан кором мен агент щит деген сериалды
17.08.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура окшойт,менда бир сериал баштап алдым эле уйкуму кечип болсо да,ошону корүп атам. Ичине кирип кеттим))))) Мбтым түгөсө кайра эдиница салышка шашып калдым) Туура,уктайм деп жатам дагы ошону ойлоп уйкум келбейт. Карангыдааа эшиктен кирип келген жерлерин коруп,менда бир туруп эшикти карап коеом ошол каарман мени алдыма кирип келе тургансып.)))))))))))
17.08.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ashka.,эдиницаныз жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: