super.kg logo

Оор дартка кабылган 27 жаштагы шаар тургуну: "Учурда азык-түлүк, тамак-аштан кыйналып жатабыз. Жардам берчүлөр болсо жакшы болмок"

 

Буга чейин рак илдетине кабылып, 5 жолу операция жасаткан Дилбар Асанакун кызы кайрадан оор абалда. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына буларды айтты:

"Оор дартка кабылгандыктан буга чейин мага 5 ирет операция жасалды. Операцияга, дарыга кеткен чыгымдарды Араб өлкөлөрүнүн бириндеги кайрымдуулук фонд каржылап жатты. Алар бир жылдан бери жашап жаткан үйүмдүн да ижара акысын төлөп жатышат. Былтыр дарыгерлер мени стресс болуп, оор абалга түшүп калбасын деп рактын эң акыркы коркунучтуу даражасын алып жүргөнүмдү айтышкан эмес экен. Акыркы 4-5 айдан бери башымдагы шишик өсүп, аны дарыгерлер операция жолу менен алып салууну сунушташты. Бирок буга чейин ичегинин рак илдетине кабылып, 9 жолу химиялык жол менен дарылангам. Ошондуктан "кийинки башыӊа жасалчу эки операцияны көтөрө албай калышың мүмкүн, кепилдик бере албайбыз" дешти дарыгерлер. Башымдагы шишик улам өсүп жатыптыр", - дейт Асанакун кызы.

Белгилей кетсек, каарманыбыз Тоң районунун Дөң-Талаа айылында өскөн, азыр 27 жашта. Буга чейин эки ирет турмуштан жолу болбой бири каза болуп калса, экинчи жолдошу таштап кеткен.

"Ушул күнгө чейин арабдардын карамагында жашап элдин колун карап калдым. Эл арасынан да жардам берип жүргөндөр болду. Баарына ыраазымын. Колумда эки кичине балдарым бар. Алардын улуусу 2-класста окуйт, кенже балам 2,5 жашка толду. Бир убакта массалык маалыматтардан абалымды окугандар келип жардам беримиш болуп "Өлөрүңдү билип калсаң мага чал, мен балдарыңды багып алайын" дегендер болду. Андан бери 1 жылга жакын убакыт өттү. Балдарымды эч кимге бергим келбейт. Акыркы убактарда азык-түлүк, тамак-аштан кыйналып жатабыз. Эч жактан киреше жок. Жардам берчүлөр болсо жакшы болмок", - деп кошумчалады Дилбар Асанакун кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
17.08.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуп кетин
17.08.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адресин жазып койсонуздар жакшы болмок колдон келгенди жардам берет элек
17.08.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дилбар Асанакун кызынын байланыш номуру 0709 332 933.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-17 10:31:33
17.08.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куйоо сорой кайда журот балдарын кор кылып
17.08.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Балдарын аялына таштап кеткен эркектерге катуу чара колдонуш керек. Жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаш керек окшойт балдарды кичинесинен эле.
17.08.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыркы эркектер аябай качып калышкан жоопкерчиликтен мисалы мен да ооруп турганымда балабызды ал да апандыкына барып болницага корунуп журуп кел дейт дайыма
17.08.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
ayjan_90,Сенин акылын жок экен жолдошундун акылы бар ооруп турганда кайын журтуна эмес ата энене барып кел дегени ооруп жатсан бир туугандарындын алдында болсон бат сакайып кетесин ал сенден качкандыгы эмес туура тушунгондугу сен кемчилигин издесен жакшы аял болбойсун аял жакшы эр жакшы дейт ал эми эже сиз бат сакайып кетиниз колдон кеьгенче жардамыбызды беребиз
17.08.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
aerforce, кеп жоопкерчилик тууралуу болуптур го, андай кылууга болбойт, эрби, бир башты алдыбы аялдыкка, карасын, кыйын экен кайынында жаткырып алып карасын. Түшүнүп-түшүнбөй чычалагандын не кереги бар? Чын эле кээ бир эркектерде жоопкерчилик жок, аялы оорубаш керек, чарчабаш керек...
17.08.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aerforce,менин акылыма асылба куйоо болгондон кийин любой ситуацияда жардам бериш керек соолугунда эшектей ишини кылышат келиндер бир эле мен эмес анан ооруп калганда барагой апандыкына дегени туура эмес эркек деген жоопкерчиликтуу болуш керек
17.08.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aerforce,сен аябай акылдуу экенсин.Аялы ооруп калса "баланы ал да апандыкына барып даарылан" деген эркекти туура деп.Аялы ооруса болницага алып барып корсотсун,жанында болуп озу карасын кайын журтуна айдабай.Ысыгына,суугуна чыдайм жанымдын жарымысындай кором деп уйлонот чыныгы эркек уйлоноордо.
17.08.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aerforce,иий сенин акылыңан иий....
Дилбарга кудай ден
соолук берсин!
17.08.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ха ха
17.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Эрине озун тийгенсинда же бироо зордуктадыбы сени
17.08.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kutman-kg94,таба кылбай тобо кылалы.Сенде деле эже карындаш бардыр.Кызын жок болсо кыздуу да болоорсун.Бироону табалаганча жакындарына бакыт тиле.
17.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Айжан
17.08.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооба бизде келинге жоопкерчилик алгылары келбейт копчулук кайын журттун. Оорудум дегенини уккулары келбейт. Дени сак бала дени сак эненден жараларын билип турушса да билгилери келбейт. Кудайым аялзатына оору бербесин кор кылбасын. Бул аялга жардам бербесе да балдарына жардам беришсе болмок атасы чон ата чон энелери. Ар бирибизге жооп берчу кун бар жасаган иштерибизге.
17.08.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
0709332933 бул номерге чалсак иштебей жатат чындап жардамга муктажбы кантип байланышсак болот айтып койунуздар билгендер
17.08.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akyl.UM.kg, кайрадан байланышып көрүңүз. Мүмкүн аймактан сырткары учурда байланышкансыз.
23.08.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар бир нерсени жазаарда ойлонсок болмок. Биз Дилбар менен жолуктук. Турмуш деген калем менен баракка жазып алып ошол тартипте жашоо эмес да. Жардам берууну чын журоктон кааласанар байланышып, жолуккула барып. Коргуло жашоо шартын. Андан кийин озунор менен салыштырып, Кудайга шугур деп жургуло.
23.08.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беш жолу оор операцияны откоруп, эми баш мээден операция болуу алдында турат. Балдарын корсон журогун ооруйт... Ошентсе да жашоо учун, балдары учун аракет кылып жатат тууганыбыз. Жардамыбызды берели Дилбарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: