super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк басылмалар Өмүрбек Текебаевге чыккан өкүм тууралуу жазышууда

 

Кечээ, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү чыгарган. Бул окуя тууралуу бир гана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, "The New York Times", "DailyMail", "Рейтер", "Коммерсант", "Московский комсомолец", "Интерфакс", өңдүү башка өлкөнүн ири басылмалары жазып чыгышты.

Орто Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов "Коммерсант" басылмасына Текебаевге карата өкүм боюнча пикири менен бөлүштү. Анын ою боюнча, Текебаев президенттик шайлоодо жеңе ала турган талапкерлер үчүн күчтүү атаандаш болгон эмес. "Бирок буга карабастан бул өкүм саясий кырдаалды туруксуз кылат. Кеп бийликтин атаандашты күрөштөн четтетип койгондугунда эмес, кеп мурдагы санаалашына саясий кысым көрсөтүүнүн буга чейин болбогондугунда. Бул окуяда ири кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жеке маселелер жана өч алуулар абдан көп", - дейт эксперт.

Анын айтымында, Текебаевге карата чыккан өкүм бийликтин аброюна шек келтирди. "Бирок бул өкүм бийликтеги партиянын атынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун рейтингине кандай таасир этерин алдын ала билүү оор. Административдик ресурс толук күчтө иштеп жатса да, мындай кырдаалда Жээнбековдун жеңүүсү ишендирерлик эмес", - деген пикирин айтты Дубнов.

Айта кетсек, сот Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү чыгарган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырган. Мындан сырткары абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: