super.kg logo

"CASA-1000" долбоорунун алкагында электр чубалгыларын тартуу, уячаларды орнотуу үчүн 233 миллион долларга тендер жарыяланды

 

"CASA-1000" долбоорунун алкагында 325 чакырымга электр чубалгыларын тартуу, "Датка" көмөк чордонуна тийиштүү кеңейтилген уячаларды орнотуу, тийиштүү жабдыктар менен камсыз кылуу жана 500 мегаваттык реакторду орнотуу үчүн эл аралык тендер жарыяланды. Кыргыз мамлекетинин Улуттук электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаеванын билдиришинче, ишти аткарууга 233 миллион доллар сарпталмакчы.

"Бул долбоор ири болуп жаткандыктан тендердин мөөнөтү 3 айга созулат. Ошондуктан 21-июлда жарыяланган бул тендер 22-сентябрда аягына чыгат. Белгиленген убакытка чейин ага катышууну каалаган компаниялар талаптарга ылайыктап өз арыздарын берсе болот. Бирок алар 1 миллион доллардан кем эмес кепилдик акча каражатын банк аркылуу бекитип бериши керек. Ал эми ишти аткарууга 233 миллион доллар сарпталат", - деди Саргашкаева.

"CASA-1000" долбоорун Кыргыз мамлекети, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан биргеликте ишке ашырууда. Долбоорду курууга 1,17 миллиард доллар жумшалса, Кыргыз мамлекети республикалык бюджеттен эмес, эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат гана жумшайт. Долбоор ишке ашса Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жай айларында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.08.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция болбосо жакшы идея
17.08.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир бийликтин тууган туушкандары , тааныш билиштери атат да же аты жити жок кече пайда болгон фирма алатда ошол менен бир миллионер пайда боло калатка . Идиш чыгарган фирмага деле гилтейген ГЭС терди берип коюштуго биздин ХХХХ баары бирда .
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-17 17:28:51
17.08.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче өзүн өзү актабаган проект. Ал нерсенин Пакистанга жетип барышы дагы чоң күмөн Америка ой боевиктер жүрөт деп бир бомба ыргытса Афганистанга токтойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: