super.kg logo

Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында орус киносунун жумалыгы өтөт

 

18-25-август күндөрү Бишкекте жана Чолпон-Атада орус киносунун жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жумалык эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата өткөрүлөт. Анын алкагында режиссёр Дмитрий Киселёвдун "Время первых", Карен Шахназаровдун "Анна Каренина. История Вронского", Николай Хомерикинин "Ледокол", Николай Досталдын "Монах и бес", Александр Карпиловскийдин "Частное пионерское - 3", "Частное пионерское - 2", Павел Лунгиндин "Дама пик" тасмалары көрсөтүлөт.

Иш-чарага министр Түгөлбай Казаков, кинорежиссёрлор Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Манас Мусаев, актёр Чоро Думанаев, актриса Жамал Сейдакматова жана башкалар баштаган кыргыз кинематографисттеринин делегациясы жана Орусиядан келген маданият өкүлдөрү катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: