super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбандары күрөш боюнча кадеттер арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат

 

Кыргыз балбандары Грециянын Афина шаарында өтө турган кадеттер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 2-7-сентябрь аралыгында өтүп, ага 5 Кыргыз балбан катышат. Эркин күрөш боюнча 6-11-сентябрь аралыгында өтүп, ага 4 Кыргыз балбан катышат.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы:

42 килограммга чейинки салмакта Улан Мурат уулу;

50 килограммга чейинки салмакта Эрмек Каныбек уулу;

58 килограммга чейинки салмакта Акылбек Куттубек уулу;

63 килограммга чейинки салмакта Алмазбек Бегалиев;

76 килограммга чейинки салмакта Акылбек Талантбеков;

Ага машыктыруучу: Ратбек Мамбетов.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы:

42 килограммга чейинки салмакта Самаган Улан уулу;

46 килограммга чейинки салмакта Таирбек Жумашбек уулу;

63 килограммга чейинки салмакта Дастан Арзыкеев;

69 килограммга чейинки салмакта Алинур Таиров;

Ага машыктыруучу: Нурлан Такиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: