super.kg logo

Орусияда "Жахаба күбөлөрүнүн" ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

 

Орусиянын Юстиция министрлиги өлкө аймагында "Жахаба күбөлөрүнүн" ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтында кабарланат.

"Орусиянын Юстиция министрлиги тарабынан "Орусиядагы Жахаба күбөлөрүнүн башкаруу борбору" уюму жана анын алдындагы 395 жергиликтүү диний уюмдар күчүнө кирген "Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы" мыйзамга ылайык, ишмердүүлүгүн токтотуучу же жокко чыгаруучу коомдук, коммерциялык эмес жана диний уюмдардын катарына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Уюмдар бул тизмеге Орус Федерациясынын Жогорку Сотунун 20-апрелдеги чечимине ылайык киргизилгени белгиленет.

Сот Юстиция министрлигинин доо арызын карап, "Жахаба күбөлөрүнүн" бардык 395 бөлүмүнө ишмердүүлүгүн токтотууну буюруп, менчигин мамлекеттин эсебине өткөргөн. Бул тууралуу орусиялык ТАСС басылмасы жазат.

Уюмдун өкүлдөрү Жогорку Соттун апелляциялык инстанциясына жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан. 17-июлда алардын арызы Жогорку Сотто кайрадан каралып, уюмду экстремисттик топ катары тааныган буга чейинки чечимди мыйзамдуу деп таап, апелляциялык арызды канааттандырган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
17.08.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы эле болуптур.Кочодо журсон кыргызбы,оруспу башынды айлантам деп куйдурот.
17.08.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
А биздин ХХХХ бийлик уктап жатат. Дааже орустар тыю салып атса, биздин ХХХХ курсак коррупционерлер булардын акчаларын жеп жатышатта.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-18 11:37:26
18.08.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-LEGENDA-, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
17.08.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркиндик бульварында журсон кыргыз эле эжелер жармашып бура бастырышпайт,китеп,баракчаларын берип.Жахабаларга бизде да тыйуу салынса болмок
17.08.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орусия молодец. Убагында мусулман болбосо да Сталин эшекти союуга, жешке тыюу салган, бизчи мусулман мамлекети болуп туруп иштин аягына чекит койгон жокпуз. Биздин ХХХХ турган Сталин 2 керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-18 10:01:22
18.08.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulya583, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
18.08.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bizde da tyiuu salsa jakshy bolmok
18.08.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустарда ынсап бар , ыйман жок . Бизде болсо ыйман бар , ынсап жок . Ырас кылат жаап салып , былтыр уйго чейин келип тажаткан бир эже .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: