super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлиги: "Бала мектепке кабыл алынбай калса кварталдык комитет, айыл өкмөтү, мектеп жетекчиси милдеттүү түрдө жооп берет"

 

"Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова "Менин баламды мектепке кабыл алыңыз" деген аталыштагы акциянын алкагында мектепке балдарын бере албай жаткан ата-энелерден чалуулар көп болуп жаткандыгын SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, башка аймакта катталып, бирок башка даректе жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн балдарын мектеп жетекчилери кабыл албай жаткан учурлар арбын.

"Мектеп директору ошол даректе катталгандыгынын далили катары үй-бүлө жашаган үйдүн китепчесин алып келүүнү айтып, талапты аткарбаса баласы окууга кабыл алынбай тургандыгын айтышкандыгы тууралуу билдирүүлөр көп", - дейт Турдубекова.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева үй-бүлө катталбаган даректе жашап жаткан учурда айыл өкмөттөн, шаарда жашаса кварталдык комитеттен аныктама алып келсе боло тургандыгын билдирди.

"1-августтан бери бардык аймактардагы 1-класска кабыл алына турган балдарды каттоо башталды. Баланы мектепке берүү үчүн анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-эненин паспортторунун копиясы, ата-эненин арызы, балага медициналык аныктама, өздүк дело керек. Эгер баланын күбөлүгү жок болсо ата-эне соцпедагогдорго кайрылат, алар аркылуу баланын документи алынып мектепке берилет", - деди Абдылдаева.

Жетектөөчү адис балдарын мектепке берип жаткан ата-энелерден мектеп жетекчилеринин акча талап кылуусун жоюу боюнча кызуу иш-аракеттер көрүлүп жатканын да кошумчалады.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ар бир бала акысыз билим алууга укуктуу. Буга байланыштуу ата-энелер эч кандай акча төлөбөстөн өздөрүнө ыңгайлуу даректе жайгашкан мектепке балдарын окууга кабыл алдыруу маселесин жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат. Кайсы бир туура эмес талаптар менен мектепке кабыл алына турган жаштагы бала мектепке кабыл алынбай калса айыл өкмөтү, кварталдык комитет жана мектеп жетекчилери милдеттүү түрдө жооп берет", - дейт Абдылдаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
19.08.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туз байланышын жазып койсо болмок
19.08.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону туура кылышыптыр.Дайыма кшундайда болобу же шайлоого карата эле ушундай кылыштыбы
19.08.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Угушумча Баткен шаарында тагыраагы Ж. Боконбаев атындагы орто мектепте ( орус) бир класста 40-45 тен окуучу влынат экен. Анысы аз келгенсип тандоо менен. Ушул аймаккка баашка дагы бир типтуу мектеп куруу демилесин которуп тез ара мектеп куруп окуучулапдын билим сапатын жогорулатса жакшы болмок. Чондор каякты карап журот....
19.08.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 класс же 7 класс болсо.айыл жеринен келсе.Бирок жашаган жерде домкомдон справка алып барса деле бала коп орун жок десе эмне кылыш керек?Билгендер жооп берип койгулачы!Акча сураса ещё бериш керекби?
19.08.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар эки жылда шайлоо өткөрүп туруш керек го бизге. Кичине иштесин болуп калышат экен.
19.08.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жакында баламды мектепке бердим баардык документери туура болчу кварталныйга бергем мен киргизем дегенинен эртеси чалып 5мин сурап атат толуп калыптыр дейт. Мен бир тыйын дагы бербейм эмнеге берем баардык документти туура болсо, ушул жерде туулуп оссо дагы неге берем десем толуп калыптыр дейт анда документти алып кел озум киргизем дедим тааныш тааныш аркылуу бир тыйын бербей киргиздим урматтуу ата энелер акча сураса бербегиле калп эле толуп калды дей беришет бир жолу бар да созсуз акчасыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: