super.kg logo

Интернетке видео жүктөө үчүн балдарын кордогон түгөйлөр жоопко тартылат

 

Американын Мэриленд штатынын жашоочулары Майк Хизер менен Мартин Хизер жарым жыл бою балдарын кыйнап, шылдыңдаган видеолорун интернетке жүктөп келишкен. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, бул түгөйлөр балдарына карата катаал мамиле жасаган деп күнөөлөнүп, 12 жаштагы Эмми жана 9 жаштагы уулу Кодини камкордукка алуу укугунан ажыратылган. Мындан тышкары 5 жылга эркинен ажыратылып, 5 миң доллар өлчөмүндөгү айып салынышы мүмкүн экендигин The Independent сайты жарыялаган.

Видеого көбүнчө Коди тартылып, атасы менен өгөй апасынын сөгүп, жемелеген, түртүп жыгылтып, кемсинтип, мурдуна урган кездери интернетке жүктөлгөн. Соттун чечими менен балдар өзүнүн төрөгөн энесине берилген.

Майк Хизер менен Мартин Хизердин өздөрүнүн дагы 3 баласы бар. Май айында аларды балдарды камкордукка алуу укугунан ажыраткандан кийин түгөйлөр видеокайрылуу жасашып, балдар видеого өз каалоолору менен тартылгандыгын, аларга зыян келтирбегендигин айтышкан.

Жубайлардын балдарга карата каардуу мамилеси жөнүндөгү видеолор 10 миңдеген көрүүчүлөрдү топтоп, алардын каналына 750 колдонуучу катталган. Мындан жубайлар ай сайын 20-30 миң доллар каражат таап турушкан. Күнөөлөнүп жаткан ата-эне бул аракеттеринен табылган акча каражаты кайрадан эле балдардын жакшы жашоосу үчүн жумшалып жатканын айтып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.08.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
топтуп
18.08.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто бирок балдарын шылдын кылбай башка нерсени пияр кылсалар деле аттары алыска кетмек
18.08.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун баласы эместа ошого кордогон
18.08.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай сайын 20-30 мин доллар таап турушкан дейтго?! Кантип тапса болот болду экен интернеттен? Ким билет?!
18.08.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tular,бизде андай акчаны табаалбайсың
18.08.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеолорун дагы (жок дегенде бироону) кошо жуктосонор болмок экен. Кайдан корсо болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: