"Ата Мекендин" юристтеринен жана "Занозадан" Атамбаевдин пайдасына 13 миллион сом өндүрүү чечими күчүндө калды
Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясы жана "Заноза" сайты президенттин аброюна шек келтиргени үчүн 13 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн" деген Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG`ге "Заноза" сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып билдирди.
"Октябрь райондук соту моралдык чыгым катары "Заноза" сайтынан 3 миллион сом, "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновадан 10 миллион сом моралдык чыгым өндүрүлсүн" деген Октябрь райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганбыз. Бирок бүгүн шаардык соттон райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылсын деп чечим чыгарылды", - дейт Нарын Айып.
Айта кетсек, буга чейин 4-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кыйраган боинг учагындагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан "Ата Мекендин" юристтерин 10 миллион сомго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан.

Мурдагы президентдерибиз ашадай акылдуу болгон эмес ошого качкын болуп бири Минскте бири Москвада жүрөт.
мындай кетиште чыкпайсын го 61 жашка
эртерээк кетчи, келсинчи сенин оордуна башка.
Чыныда ал жүк кимге тиешелүү болуп чыкты ? Интернеттеги видеолордо АШАга тиешеси бар деп жүрөт .
Президент Алмазбек Атамбаевке карата айтылган сындар туура болгон кундо да, анын ээлеп турган ордуна, абийирине карата айтылган "уличный" сындардан алыс болсок. Сындаганда да "культурно" сындасак.
Урматтуу "Инфо", Атамбаевке эмес, президент Атамбаевке деп койсонуздар жакшы болмок беле?
Мен дегеле президент Атамбаевдин фанаты эмесмин, бирок ошентсе да "субординация" деген бар эмеспи.