super.kg logo
  Спорт  

Жөө күлүк Усэйн Болт бутундагы жаракатынан улам "Манчестер Юнайтеддин" курамында "Барселонага" каршы ойнобойт

 
Жарышта жаракат алган учуру

Олимпиаданын 8 жолку чемпиону, жөө күлүк Усэйн Болт бутундагы жаракатынан улам "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен "Барселонага" каршы кайрымдуулук беттеште ойнобойт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жөө күлүк Улуу Британиянын Лондон шаарында 4-августтан 13-августка чейин жеңил атлетика боюнча өткөрүлгөн Дүйнө чемпионатында алган жаракатынан улам аталган футболдук беттешке катыша албайт.

"Тилекке каршы, тизе сөөгүм ажырап кетти. Ал калыбына келүү үчүн үч ай талап кылынат. Негизи ден соолугум тууралуу медициналык чечимдерди жарыялай бербейм. Бирок бул жолу көпчүлүк адамдар, чындап эле мени жаракат алып калдыбы деп суроо берип жатышат. Мен күйөрмандарымды таптакыр алдаган эмесмин жана акыркы жолу Дүйнө биринчилигине катышуу менин чыныгы каалоом болчу", - деп жөө күлүк өзү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Усэйн Болттун "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен "Барселонага" каршы кайрымдуулук беттеште катыша турганы айтылган.

Айта кетсек, ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу маалымдаган. Ал Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунда 11 жолу чемпион аталган. Жалпы эсеп менен Усэйн Болт 8 жолу рекорд койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.08.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Болт ко болт бутуну карозия алса керек а Манас Ниязовчу? Супер инфо?
18.08.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алдын айтканымдай Манчестер барыбыр Айратко Болтсуз деле
18.08.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдасы жок
19.08.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казды туурап басам деп карганын бутунун сыныптыр.
21.08.2017. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болттун бир тал чачына тен келбейсинер да анан сын тагасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: