super.kg logo

Бишкекте ачык асман алдында романтикалуу маанай тартуулаган музыкалык кече өттү (фото, видео)

 

Бишкекте кечээ, 18-августта Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында эстрада, опера ырчыларынын катышуусунда ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү. Анда 300гө жакын шаар тургуну симфониялык оркестрдин аткаруусундагы классикалык музыкаларды, сүйүктүү ырчыларынын жандуу үндөрү коштогон чыгармаларды угуп, оор жумуш күнүнөн кийин эс алууну көтөрүңкү маанайда тосуп алышты.

Концертте Мирбек Атабеков, Омар, Гүлжигит Калыков, Нурмат Садыров, Нурлан Насип, Роза Шакирова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев баштаган эстрада ырчылары, Бакыт Ыбыкеев, Замира Мавлянова, Тилек Найманбаев өңдүү белгилүү опера ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.

Салтанаттуу иш-чара "Адеп, ыйман жана маданият" жылына карата Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, буга чейин мындай кечелер Свердлов райондук администрациясы тарабынан өткөрүлүп, кезек Октябрь райондук башкармалыгына берилген. Мындан кийин музыкалык кечтер ар жума сайын башка райондук администрациялар тарабынан өткөрүлүп, 8-сентябрга чейин уланат.






Мирбек Атабеков "Сени көрбөй" чыгармасын аткарып жатып бийлеп, элдин маанайын көтөрдү

Айтылуу "'O sole mio" ырын ырчылар жогорку деңгээлде аткарышты

Гүлжигит Калыков "Кереметтүү аппак Ала-Тоо" ырын жандуу үн менен музыкасыз созуп берди

Оркестрдин аткаруусундагы классикалык музыка

Омар - "Жүрөгүм менин"

Опера ырчылары Замира Мавлянова, Тилек Найманбаевге көрүүчүлөр көпкө чеийн кол чаап, коштоп турушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
19.08.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чогулганга болбойт элего тераристер жардырат деп аша
19.08.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин унуно Бали.. Сонун ырдап коюптур..
19.08.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы
OMURBEK. түзөттү 2017-08-19 11:38:02
Медиа-портал
20.08.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: