super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кадамжайдагы электр тармактар ишканасынан акча уурдалган эмес, болгону эшигин талкалап кетишкен" дейт жергиликтүү бийлик

 

"Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында электр тармактар ишканасына уурулар кирип, сейфтен акча уурдашты" деген маалымат туура эмес" деп билдирди бүгүн, 19-августта SUPER.KG`ге аталган райондун электр тармагынын жетекчиси Аслан Мансуров.

"Үч-Коргон айылында электр тармактар ишканасынын чакан бөлүмү бар. Ал жерге ири суммадагы акча эмес, документтер да сакталбайт. Уурдап кете турган деле нерсе болгон эмес. Ал жерди түнкүсүн кайтарган адам болгон эмес, ошондуктан 19-августка караган түнү белгисиз адамдар эшигин талкалап кетишкен. Учурда алардын кимдер экени такталып жатат", - дейт Мансуров.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман "19-августка караган түнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы электр тармактар ишканасына уурулар кирип, сейфтен акча уурдашты", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенээринди да билбейсин азыркы заманда
19.08.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки созубуздун бироосу жалган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: