super.kg logo
  Саясат  

Эрдоган немис саясатчыларын Түркиянын душманы деп атады

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Германияда жашаган түрктөрдү 24-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоодо Ангела Меркелдин партиясына жана анын тарапташ партияларына добуш бербөөгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Эрдоган Германиянын саясий элитасынын башкаруучулары Түркияга сый-урматсыз мамиле жасап жатканын айткан.

"Христиандар демократтары, Социал-демократы, Жашыл партия - булардын баары Түркиянын душманы. Германияда жашап жаткан түрктөр, силер Түркияга карата каршы саясат жүргүзбөгөн партияларга добуш бергиле", - деген ал.

Мамлекет башчысынын бул чакырыгы тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль "бул бизге карата болуп көрбөгөндөй кийлигишүү" деп айткан.

"Германия менен Түркиянын мамилеси 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети жүргөндөн кийин солгундаган. Түркиянын президентинин маалымат катчысы Германияны бул баш аламандыкты уюштурууга көмөктөшкөн деп билдирген. Германияда жашаган миллиондон ашык түрктөр 24-сентябрда өтө турган шайлоого катышууга укуктуу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: